15-июлдан 16-июлга караган түнкү аскерий төңкөрүш аракетинен улам өмүрү кыйылгандар санын түрк өкмөтү ушул дүйшөмбү күнгө карата 208 деп атады. Алардын 145и жөн-жай тургундар, 60ы полиция кызматкерлери, үчөө жоокерлер экен. Булардан тышкары 1500гө жакын киши жаракат алган.
Өлгөндөрдүн саны боюнча түрк өкмөтү төңкөрүшкө катышы бар делген аскерлер арасындагы жоготууну эске албагандай. Мурдараак армиянын Башкы штабы алардын 104ү жок кылынганын маалымдаган.
Ушул дүйшөмбү күнгө карата полициянын 8000ден ашуун кызматкери, 81 губернатордун 30у, 47 район башчысы иштен четтетилгени маалым болду. Ага чейин 2700дөй сот кызматтан алынган эле. Ал эми кармалгандар саны ушул дүйшөмбү күнгө карата жети жарым миңден ашты. Алардын арасында, мамлекеттик медиа кабарлагандай, кеминде 103 генерал жана адмирал бар.
Премьер-министр Биналы Йылдырымдын айтымында, “тазалоо операциясы” уланып жаткандыктан кармалгандар саны дагы өсүшү мүмкүн. Кармалгандардын 6000ден ашууну армия адамдары болсо, жүзгө жакыны полиция кызматкерлери, 755и соттор, 650дөй жөн-жай тургундар.
Тазалоо өкмөт менен күз түзүмдөрүнүн бардык баскычтарында жүргүзүлүп, аскерий төңкөрүш аракетине жоопкерлер катуу жазаланарын президент Режеп Тайып Эрдоган, премьер Бинали Йылдырым да дембе-дем айтып жатышат:
- Өкмөттүн ар бир баскычында бул вирусту тазалоо мезгили улантылат. Урматтуу бир туугандар, рак илдетинин вирусу бүткүл денеге метастаза берип кеткендей, бул вирус да өкмөттүн баарына жайылып кеткен. Биздин Юстиция жана Тышкы иштер министрликтерибиз аркылуу Кошмо Штаттарга жана Батыш өлкөлөрүнө аларды экстрадициялоо боюнча жазуу жүзүндө өтүнүч жиберебиз, - деди Эрдоган 17-июлда Стамбулда сүйлөгөн сөзүндө.
Ал “өкмөттөгү вирус” жана экстрадиция дегенде бир нече жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын адамдарын айтып жатат. Түрк бийликтери аларды өткөн аптадагы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле “параллель мамлекет”, “параллель структура” түзүп алган деп күнөөлөп келишкен. Ал эми соңку окуялардан кийин Гүлен расмий Анкара тарабынан аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган күч катары айыпталды.
Гүлендин жообу
Азыр АКШнын Пенсильвания штатында турган Фетхуллах Гүлен өзү соңку күндөрү кабарчыларга берген маегинде, тескерисинче, ал өзү аскерий төңкөрүштөрдөн көп запкы тарткан адам экенин эске салып, эгер экстрадиция болсо мындан чочубай турганын да билдирди:
- Эгер менин экстрадициям жөнүндө сөз жүрсө мен буга каршылык көргөзбөйм, буга тынчсызданбайм. Америкалык өкмөт Эрдогандын айткандарына ишенип калат деп кооптонбойм. Эгер Эрдоган менен АКШнын кызыкчылыктары шайкеш келип калса, албетте мага кетүүгө туура келет. Эч качан жалдырабайм, мен бул жерде эркин жашадым, эркиндикке ырахаттанып жашадым, бул үчүн чоң ырахмат.
Гүлен акыркы интервьюларында өзүнүн аскерий төңкөрүш аракетине эч тиешеси жоктугун айтуу менен бул атайын уюштурулган сценарий болушу мүмкүндүгүн да жокко чыгарбады. Ага катар түрк өкмөтүнүн төңкөрүш аракетинен кийинки чараларын сынга алып, адамдарга “Гитлердин SS күчтөрүндөй” мамиле жасашканын белгиледи.
Мыйзамдуулукка чакырык
Гүлендин ыктымал экстрадициясына байланыштуу маселени акыркы күндөрү АКШ бийликтери да комментарийлешти. Мамлекеттик катчы Жон Керри 17-июлда NBC телеканалы менен маегинде буларга токтолду:
- Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы менен акыркы күндө үч жолу сүйлөштүм. Аны далилдерди мүмкүн болушунча тезирээк жыйнап, тиешелүү каналдар аркылуу жөнөтүүгө чакырдым. Биздин экстрадиция боюнча келишимибизге, укуктук процедуралар жана стандарттарга ылайык ошол далилдер экстрадиция үчүн жетиштүү же жетиштүү эместигин ыкчам карап чыгарыбызды убада кылдым. Бирок алар расмий өтүнүчтү сот жараян аркылуу да жасашы керек. Буга алар азырынча барыша элек. Бул өтүнүч экстрадиция сотто жактырылыш үчүн далил жана фактылар менен коштолуусу керек.
Керри Вашингтон түрк өкмөтүн өлкөнүн ичинде төңкөрүш аракетинен кийинки чараларында демократиялык милдеттемелеринен шек саната тургандай кадамдарга барбоого чакырганын да кошумчалады.
АКШ мамлекеттик катчысы 18-июлда Брюсселде жүргөн жеринен Түркиядан Гүленди экстрадициялоо боюнча расмий өтүнүч түшө электигин ырастады.
Соңку күндөрү президент Эрдоган менен премьер Йылдырым Түркияда 1984-жылдан бери колдонула элек жана 2004-жылы жоюлган өлүм жазасын калыбына келтирүү зарылдыгын да айтып, муну элдин талабы катары сыпатташууда.
Өлүм жазасын калыбына келтирүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл.
Германия эгер түрк өкмөтү мындай кадамга барса өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр токтой турганын эскертти.
Оппозициядагы Республикалык элдик партия дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө өкмөттүн төңкөрүш аракетине жообу мыйзам алкагында жүрүп, шектүүлөрдүн иши сотто каралып, армия элге душман катары көрсөтүлбөшү керектигине көңүл бурду.