Кесипти өзгөрткөн кырсык...
36 жаштагы Эрлан кесиби боюнча социолог. Окуусун Бишкектеги окуу жайлардын биринде аяктагандан кийин Түркия, Корея өңдүү бир катар өлкөлөрдө иштеп келген. Бирок мындан он жыл мурун болгон кырсык анын жашоосун түп тамырынан өзгөрткөн. Ал 2006-жылы жол кырсыгына кабылып, бир катар операция, тынымсыз дарыланууга карабай буту баспай, арабада отуруп калган. Тагдыр татаал жолду ыроолосо да Эрлан жашоо үчүн күрөшүп, досторунун, ата-энесинин колдоосу менен төшөктө турбай жатып калган бейтаптар үчүн ыңгайлаштырылган медициналык керебет жасаган устакана ачкан.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Июль 05, 2025Кыргыз жылкысы жоголуу коркунучундабы?
-
Март 11, 2025Мотороллерге курбуларын салып, айылчылаган Күмүшай апа
-
Январь 31, 2025“Эне” спектакли - ата-эне, бала үчүн сабак
-
Январь 28, 2025"Көчөдөгү кагаздар аркылуу жаштардын үнүн жеткирем"
-
Январь 03, 2025Курулуштагы мээнеткеч каармандар