Бишкекте Курут фестивалы өттү
Бүгүн Кыргыз-түрк “Манас” университетинде Курут фестивалы өттү. Ал кыргыз улуттук ашканасынын артыкчылыктарын көрсөтүү, Бишкекте жүргөн конок-саякатчыларды улуттук тамак-аш менен тааныштыруу максатын көздөдү. Иш-чараны университеттин Туризм жана мейманкана иштери боюнча жогорку мектеби Туризм департаментинин колдоосу менен уюштурган. Курут – Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кычкыл сүт продуктусу болуп саналат. Жети облустан келген ишкерлер сунуштаган куруттун жаңы түрлөрү коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 05, 2026"Тарбия бербесек түрмөбүз чоң, милиция көп болот"
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты