Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өттү. Акцияга 100гө жакын адам катышты. Анын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” жана башка чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап жүрүштү.
Чыгарылыштар
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти
-
Июнь 29, 2026Бишкектеги мунай тартыштыгы
-
Июнь 26, 2026Сумая: “Күйөөмдүн колунан тирүү чыкканыма сүйүнөм”
Шерине