Протоколдо антенналарды башка жерге которуу, жер бөлүп берүү тууралуу жазылган. Кыргыз өкмөтү болсо маалыматтык коопсуздуктан улам жаңы станция куруу жагын караштырып жатканын жарыялады. Буга чейин Өзбекстан Кыргызстанга Үңкүр-Тоодогу станция тууралуу дооматын билдирип келген.
Кербен шаардык кеңеши 23-мартта кезексиз жыйынга чогулду. Депутат Эргешаалы Озокеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда өкмөттүн былтыркы протоколун колдобоо боюнча чечим бир ооздон кабыл алынды:
- Өкмөт 2015-жылы 11-ноябрда протокол кабыл алыптыр. Ал токтомдо болсо Өзбекстандын аймагында турган телестанция көчүрүлсүн, шаардык кеңеш башка жер берсин деп жазып коюптур. Токтомдо ал жерди Өзбекстандыкы деп жазганга кантип колдору барганын мен түшүнбөй турам. Үңкүр-Тоодон Аксы, Ала-Бука, Кызыл-Жар, атүгүл Кербендеги ар бир короо көрүнөт. Биз бул жыйында станция көчүрүлбөсүн, жер берилбесин деп токтом кабыл алдык. Биз эгер жер берип, альтернативдүү, кошумча станция курдуртууга макул болсок, бул деген ошол жерди беребиз, көчүп кетебиз деп макул болгондой болуп калабыз. Ошондуктан кошумча жер да бербейбиз, жаңы станцияны куруунун да кажети жок.
Кербен шаардык кеңешинин чечиминен кийин өкмөт Үңкүр-Тоодогу станцияга байланыштуу шашылыш түшүндүрмө таратты. Анда Үңкүр-Тоодогу станция которулбай турганын, бирок Жалал-Абаддагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы маалыматтык коопсуздуктан улам ал станция менен чогуу иштей турган кошумча жаңы станция куруу каралып жатканы айтылат. Жаңы станция өлкө санариптик берүүгө өткөндө да кереги тиет деп белгиленген.
Өкмөттүн Чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров антенналар тактала элек жерде турганын, делимитация тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Кыргыз тарап бир катар себептерден улам ал станцияны көчүрүүгө даяр турушу керектигин кыйытты:
- Ал жер биздики экенин тактап, негиздеп беришибиз керек. Сүйлөшүүлөрдө ушул тууралуу сөз жүрүп жатат. Үңкүр-Тоодо биздин объект бар. Эгер делимитация иштери бүткөндөн кийин Өзбекстандын жүйөлөрүнө таянып, жер алардыкына таандык делсе, ошондо гана маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок ал жерде коопсуздук боюнча да маселе бар. Ошондуктан биз делимитацияны күтпөй, ошол станцияны башка жерге көчүрүп койгонго толук мүмкүнчүлүк бар. Өзбек тарап дайыма эле ушунчанчы жылдагы документ боюнча бул жер биздики деп ушуну рычаг катары колдонуп жатпайбы. Ошондуктан биз станцияны көчүрүп алуу жагын карап жатабыз. Бул жерде эч кандай саясий маселе жок. Муну саясий куралга айландырбаш керек. Бүгүн же эртең эле которуп коёбуз деген эч ким жок. Бирок даярдык көрүлүп жатат. Эгер кандайдыр бир жагдай чыкса, ал станцияны биз көчүрүүгө даяр болушубуз керек.
Расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда Үңкүр-Тоого байланыштуу үч жыл мурун маселе чыккан. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.
Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.
Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында 18-мартта чатак чыккан. Өзбек тарап тактала элек тилкеге, Кербен-Ала-Бука жолунун бир бөлүгүнө аскерлерин, аскердик техникасын эч түшүндүрмөсү жок киргизип койгон. Кыргыз тарап коңшусунун мындай аракетин буга чейин өзбек тарап пайдаланып келген, бирок былтыртан баштап Кыргызстандын менчигине өтө баштаган объектилерге байланыштуу болушу мүмкүн деп түшүндүргөн.
Өкмөттүн Чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров 1992-жылда кабыл алынган, коңшу өлкөлөрдүн бардыгынын парламентинин кароосунан өткөн келишимге ылайык, дагы бир катар объектилер бири-бирине берилерин айтып берди:
- Ал толук мыйзамдуу күчү бар документ. Ошонун негизинде Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстандагы объекттердин баары менчигине өтүшү керек. Бул объекттер союздун убагында, союздун акчасына курулган объекттер болушу керек. Эгер андай объекттер ошол пайдаланып жаткан мамлекеттин акчасына курулган болсо, анда бул экинчи жагдайды түзөт. Ошондуктан биз биздин территорияда жайгашкан, бирок коңшу мамлекеттер пайдаланып жаткан объекттердин баарын талдап, санап чыкканбыз. Ошол объекттердин баарын биз өзүбүзгө алып жатабыз. Бул мыйзамдуу жумуш. Бул жерде эл аралык укуктук норма деген бар. Ошондуктан эл аралык нормаларга ылайык иш жүргүзүп жатабыз. Бизге өткөн объекттердин ичинде Орто-Токой деген суу сактагыч бар. Аны өзбек тарап Касансай деп атайт. Биз аны карамагыбызга алып жатабыз.
Байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, Үңкүр-Тоо аймагында РРС-24 «Кербен» станциясы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Станцияда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программалары берилет. Мындан улам Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыш менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле уюлдук операторлорунун радиоэлектрондук каражаттары ушул станцияга орнотулган жана алар Жалал-Абад облусунун айылдарын мобилдик байланыш менен камсыз кылат.
«Кербен» станциясы иштебей калса, аталган райондордо телерадиоберүү программалары берилбей калат жана уюлдук байланыш токтойт. Ошондой эле ушул станция аркылуу өткөн шаар аралык, эл аралык байланыш каналдары үзүлөт.
Телерадиоберүү сигналдары Өзбекстанга атайын багытталбаганы менен, радиотолкундардын таралышынын өзгөчөлүгүнө жараша сигналдар жалпы Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жагдай 23-мартта Жогорку Кеңеште талкууланды. Анда премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү кырдалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин айтып берди. Азырынча Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында 18-мартта түзүлгөн абал өзгөрө элек.