Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

"Нур Отан" өзүн өзү жеңүүгө аттанды


"Нур Отандын" курултайы. Астана, 29-январь, 2016-жыл.
"Нур Отандын" курултайы. Астана, 29-январь, 2016-жыл.

Талдоочулар Казакстандын алдыдагы парламенттик шайлоосун бийликтеги партия кайрадан өзүн өзү жеңе турган саясий өнөктүк катары сыпатташууда.

Казакстанда кайрадан мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан шайлоонун жөрөлгөлөрү башталды. Бийликтеги “Нур Отан” партиясы ушул жума күнкү курултайында шайлоо тизмесин бекитип, программасын жарыялады.

Партиясынын программасы менен курултайда президент Нурсултан Назарбаев өзү тааныштырды:

- Азыр "Улуттун 100 кадам планын" ишке ашыруунун жаңы этабы башталууда. Улуттун планы алдыдагы беш жылга биздин программабыздын өзөгүн түзөт. Урматтуу достор, алдыдагы беш жылда “Нур Отан” партиясынын лидерлигинин миссиясы үч чечүүчү түшүнүк менен аныкталат. Алар - биримдик, стабилдүүлүк жана жаратмандык.

Президент Нурсултан Назарбаев курултайда бир сааттан ашуун созулган сөзүнүн басымдуу бөлүгүн экономикалык маселелерге арнады.

Казакстанда мүлктү легалдаштыруу жүрүп жатканын эске салып, бай казакстандыктарды акчасын эми четтен кайра өлкөгө алып келүүгө чакырды. Өкмөт улуттук акча теңгени девальвациялабаганда казакстандыктар жакырланмактыгына токтолуп, элди "терең дем алып туруп" долларды “унутууга” үндөдү.

Курултайдын жүрүшүндө делегаттар тарабынан президент Назарбаевди даңктаган, мактаган сөздөр айтылып, ырлар да окулуп жатты:

Назарбаевди даңктоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Бийликтеги партиянын 127 талапкерден турган шайлоо тизмесине президенттин былтыр жыл соңунда эле өкмөт башчынын орун басары кызматына көтөрүлгөн кызы Дарига Назарбаева да кошулду.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Казакстандын шайлоого аттанып жаткан саясий партиялары саясий өнөктүктүн маанисин эмес, шаанисин гана көргөзүшөт:

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

- Бул шайлоонун негизги катышуучулары президентчил партиялар. Көпчүлүгү иш жүзүндө партия эмес, конкреттүү электораты жок, жасалма түзүлгөндөр. Эгер өткөн парламентке президентчил үч партия кирсе, бул ирет төрт же беш партия болуп калышы мүмкүн. Бирок алардын ортосунда чоң деле айырма жок. Эгер партиянын шайлоо тизмесиндегилер тууралуу айтсак, бул ирет “Нур Отандын” тизмесине саясаттан алыс адамдардын, спортчулардын, музыканттардын, ырчылардын көп киргени казакстандыктарды бир эсе таң калтырды. Парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн кайра эле “Нур Отан” өзү алып, калгандарына декорация иретинде белгилүү бир сандагы орун тиет.

Экономикалык себеп

Казак парламентинин төмөнкү палатасы мажилисте 107 орун бар. Депутаттардын 98и партиялык тизме менен шайланса, калган тогузу Казакстан элдери ассамблеясынан келет.

Экономикалык фактор элдин маанайына таасир берсе да, элдин маанайы партиялардын парламентке кирер-кирбесине таасир тийгизбейт.

​Саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү Казакстанда салтка айланган көрүнүш.

Бирок азыркысында калк мунун себебин жеткиликтүү түшүнө алган жок:

- Бул мөөнөтсүз шайлоо расмий түрдө экономикалык кризис, каржы-экономикалык абал начарлаганы менен байланыштырылды. Депутаттар президенттен парламентти таратыңыз, ал экономикалык программалардын ишке ашуусу үчүн тормоз болуп калды деп суранышпадыбы. Менимче, бул себептердин баары эле жасалма. Парламент менен экономикалык абал ортосунда эч байланыш жок да. Бизде партиялар электоралдык эмес. Экономикалык фактор элдин маанайына таасир берсе да, элдин маанайы партиялардын парламентке кирер-кирбесине таасирин тийгизбейт. Биздин саясий партиялар парламентке элдин эмес, аткаруу бийлигинин колдоосун алганы үчүн киришет. Алардын рейтинги катардагы шайлоочунун каш-кабагына көз каранды эмес. Андыктан парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү көпчүлүк үчүн түшүнүксүз, ишенимдүү негизделбеген саясий - технологиялык эле жүрүш болуп калды.

Өзүн өзү жеңүү

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, талапкер көргөзүп, шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн жети партия укуктуу. Алардын арасында өзүн оппозициячыл деп санаганАзат” жана Жалпы улуттук Социал-демократтар партиялары да бар.

Бирок көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов “Азаттык” менен маегинде токтолгондой, оппозициялык күчтөрдүн алсыздыгын эске алганда, алдыдагы шайлоону “Нур Отандын” өзүн өзү гана жеңүүсү катары гана сыпаттоого болот:

- Шайлоодо “Нур Отан” өзүн өзү жеңет. Анткени, “Нур Отанга” атаандаш деп чыгып жаткан партиялар иш жүзүндө бийликке, президентке сын айтып көргөн эмес. Жасалма эле партиялар. Андыктан, бул шайлоодо “Нур Отан” өзүн өзү жеңет деп ачык эле айтууга болот. Шайлоо мөөнөтсүз өтүп жаткандыктан, бийликке сын айта турган күчтөр даярдык көрө албады. Казакстан оппозициясы 2005-2009-жылдагыдай бирдиктүү эмес, тарап кеткен.

“Нур Отандын” алдыда күтүлгөн жеңишин өзүн өзү жеңүү катары баалоого болот деген пикирге “Азаттык” менен маегинде саясат таануучу Досым Сатпаев да кошулду.

Казакстандын бул жолку мөөнөтсүз шайлоосу 20-мартка белгиленген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG