Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары азыркы мектеп мугалиминин жоопкерчилиги менен түйшүгүн, укук-милдеттерин билип, бейнесин ачууга аракет кылышты.

Билим берүүдөгү жемкорлук

2015-жылдагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жемкорлук боюнча биринчи орунга Билим берүү министрлиги чыккан. Өлкөдө былтыр жалпысынан 450дөн ашык коррупция иши катталса, анын 87си билим, илим тармагындагыларга таандык. Мугалимдердин айлык-маянасы биздеги башка мамлекеттик кызматкерлерге салыштырмалуу бир кыйла жогорулаганы менен эмнеге бул тармактагы жемкорлук азайбай келет? Теманы Бактыгүл Чыныбаева улантат:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
Түз линк

Соттошкон мугалимдер

Мектептерде мугалимдер чырдашып, жамаат ичинде бири-бирин каралаган окуяларды ар бир райондон кезиктирүүгө болот. Ал тургай айрым мектептерде соттошуулар бир нече жылдап созулат. Бул окуу процессине канчалык кедергисин тийгизет? Коомдун дарты агартуучуларга да жеттиби? Кабарчыбыз Эрнист Нурматов Оштогу Терешкова мектебиндеги соттошуунун мисалында ушул суроолорго жооп издеп көргөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

Мугалимдин түйшүгү ат көтөргүс

Анткен менен мугалимдин түйшүгү айтып түгөткүс экендигин билимге баа берген ар бир адам терең түшүнөт. Дегеле мугалимдик кесиптин кадырын көтөрүп турган дагы ошол чоң түйшүк менен тынымсыз эмгек экенин тажрыйбалуу, таланттуу мугалимдер нечен курдай далилдеп келатышат. Алардын бири “Эл мугалими” Жаныш Жанузаков “Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Салика Сариевага өзүнүн мугалимдик жана директордук ачуу-таттуу тажрыйбалары тууралуу айтып берди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00
Түз линк

Айылда мугалимдер жетишпейт

Жалал-Абадда жыл сайын мугалимдердин тартыштыгын жоюуга аракеттер көрүлгөнү менен, тоолуу аймактардагы мектептерде педагогдор тартыш. Жергиликтүү адистердин айтканына караганда, орус тилинде, башка чет тилдерде сабак бере турган мугалимдердин аздыгынан сабактар өтүлбөй калып жатат. Ошондой эле эркек мугалимдердин тартыштыгы да педагогикалык иштеги көйгөйлөрдүн бири болууда. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Руслан Калматов айтып бермекчи.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00
Түз линк

Мугалим болуу кыйынбы?

Айылдарда туруктуу иш орун деп эсептелген мугалимдик кесипке орношуу кыйынбы? Нарындагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров жергиликтүү тургундар арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00
Түз линк

Ашымова: Мугалимдин баркы өзүнө көз каранды

Азыркы мугалимге кандай талаптар коюлат? Мугалимдин психикалык саламаттыгы кандайча текшерилет? Өлкө мектептеринде мугалим жетиштүү элеби? Ушул жана башка суроолорго билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жооп берет. Суроолорду кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов узаткан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00
Түз линк
Нарында мугалим болуу кыйынбы?
Мугалимге ишке орношуу кыйынбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Куржундар
XS
SM
MD
LG