Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Казинолор коркунучу


Иллюстрация
Иллюстрация

Жети-сегиз жыл мурда кумарпоздук тамыр жайып, бай-кедейин, жаш-карысын бирдей чырмап алганы эсиңиздеби? Мындан айрыкча калктын орто катмары катуу жабыр тарткан. Маңдай тер менен тапкан оокатынан заматта кол жуугандар, анын айынан ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйгөн. Алар биздин коңшубуз, тууганыбыз, замандашыбыз... Бүгүн казино темасы актуалдуу болуп жатканда кумар оюндары талкалаган тагдырларга бир кайрылууну эп көрдүм.

Айнур

Бир жолу Айнурдун күйөөсү беш күндөй жоголуп кетип, алтынчы күн дегенде пайда болот. Үшкүрүнүп, тамекисин түтөтүп ары-бери басат. Башын мыкчыйт. Анан аялына “Атамдын цемент ал деп берген акчасын уурдатып алдым, эми кантип бетин карайм? Сен үйүңдүн документин банкка күрөөгө кой, кредиттин ордун бат эле жабабыз” деп бал тилге салат.

Айнур “Бул үйдүн документи апамда, сурап көрөйүн деп айылга кетет да, акча таап келет. Бирок үйдүн документин күрөөгө коюу сунушуна апасы, бир туугандары такыр макул болбой коет. Бул күйөө баланы капа кылат, кайын-журтуна жини келип, ачуусун аялынан чыгарат.

Кийин ал акчасын уурдатпай эле кумар ойноп, уттуруп жибергени билинет. Келин сөйкө-шакегине, керек болсо өз айлыгына ээ болбой, нанга жетпеген күндөрдү баштан кечирет. Күндө уруш-талаш, кыйкырык-сүрөөн... Күйөө сөрөй Айнур ооз ачса эле уруп, үйүңдү өрттөп кетем деп коркута берчү.

Шибеге капка катылбайт эмеспи. Бир жолу күйөөсүн бейтааныш киши издеп келип, "аялым катуу ооруп атат" деп алган карызын бербей качып жүргөнүн айтат. Муну укканда Айнурдун жүрөгү муздап, ажырашууну чечет.

Асан

Асан ишкер болчу. Бизнести аялы экөө кичинеден баштап, бат эле ирденип кетишкен. Балдары чоңоюп калган кезде Асан кумар оюнуна баш-оту менен берилет. Жакындары бул тууралуу карызы чачтан көбөйүп кеткенде гана билет. Кашыктап жыйганы чөмүчтөп чачылат. Там-ташынын баарынан кол жууйт. Үй-бүлөсү батирге көчөт. Доочулар кокодон ала баштаганда изин суутуп, качып да жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде кырсыкка кабылып, каза табат. Азыр аялы, балдары тыным билбей иштеп, “мураска” калган карызын четинен төлөп жатышат.

Эржан

Эржан казиного алгач 2008-жылы кирген экен. Айтымы ал жакка чогуу иштеген, өзүнөн бир топ улуу таанышы ээрчитип барган. Биринчи жолу жөн эле оюнга күбө болуп, карап отурат. Кийинки жолу өзү ойноп көрүүнү чечип, азыраак утушка ээ болот. Үч жолу киргенден кийин ал казинонун туруктуу кардарына айланган. Оюн азгырыгынан чыга албай, үйдөгү мыдырын катары менен уттура баштайт. Дос-туугандан алыстап, аялы менен ажырашат. Казинолор жабылганда букмекердик кеңселер менен өзүн сооротуп жүргөнүн, анда да ири суммадагы акчадан кол жууганын өкүнүч менен эскерет.

Кумарпоздук - айыккыс дарт

Жогоруда баяндалгандардын баары журналисттик ишимдин арты менен күбө болгон тагдырлар. Кыргыз коомунда азыр кумарканалардын айынан жүрөгүнө так түшкөн Айнурлар, үй-бүлөсүн сыздаткан Асан, Эржандар миңдеп саналат. Төрт жыл мурда казинолор жабылганда, энелер, Айнурга окшогон келиндер чындап сүйүнгөн. Бир балээден кутулдук деп келечекке ишеним, үмүт пайда болгон. Бүгүн өкмөттүн кумарканалар кайра иштесин деген демилгеси алардын карттанып турган жарасын тырмагандай эле болду.

Өкмөттүн ишендирүүсүндө, азыр кумарканалар көмүскөгө иштеп, кимдир бирөөлөрдү байытып жаткан экен. "Ошол акча казынага түшсүн, ал казинолорго кыргыз жарандары кирбейт” деп алдын ала сөз берүүдө. Бирок бул убада канчалык өзүн актайт? Биздин мамлекетте качан мыйзам толук кандуу иштечү эле?

Дасыккан кумарпоздор казинолор эч убакта акчалуу кардардан баш тартпасын айтууда. Эртең алар жашыруун киргизүүнүн миң түркүн амалын ойлоп тапса кантебиз? Ошол эле милиция, салык ж.б мамлекеттик кызматтар биртике парага алданып, кумарканалардын ишмердигине көз жуумп койбошуна ким кепилдик берет? Чет элдик оюнчулар орус же казак жарандыгын алып, бул жакта бир үй-бүлөнү баккан мекендештерибиз болсочу?

Жеке пикиримде, кумарпоздук баңгилик, ВИЧ-СПИД, терроризм сыяктуу эле коом үчүн коркунучтуу илдет. Мамлекет казинолорду иштеткенге жараша анын кесепетин да жаап-жашырбай түшүндүрүүнү колго алышы абзел. Керек болсо мектептен эле балдардын кулагына куюп, кумарпоздуктун кесепети эмнеге алып келерин театр, кино ж.б ыкмалар менен жеткирүү зарыл. Адистер кумарпоздук торуна чалдыккан адамды сууруп чыгуу оңойго турбасын айтышат. Убагында ушунун айынан кылмышка барып, жанын кыйгандар да болгону жашыруун эмес. Мамлекеттин башкы байлыгы – эл. Өсүп келе жаткан жаш муундардын келечеги, үй-бүлө баалуулугу казынага түшчү акчадан алда канча кымбат экенин унутпасак.

XS
SM
MD
LG