Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Кыргыз-түркмөн ири пландары ишке ашабы?


Алмазбек Атамбаев жана Гурбангулы Бердимухамедов
Алмазбек Атамбаев жана Гурбангулы Бердимухамедов

Эки күндүк мамлекеттик сапар менен келген түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов бир катар расмий жолугушууларга катышып, 15 документке кол койду.

Ушул эле күнү мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкө ортосунда социалдык-экономикалык, маданий кызматташтык жаатында 15 документке кол коюлду.

Жолугушууда тараптар терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, маңзатка каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты бекемдөөгө токтолушту.

Түркмөнстандын отун-энергетика секторундагы үлгүлүү багытын белгилеген Алмазбек Атамбаев өлкөлөр ортосунда энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

- Түркмөнстан Кыргызстанга арзан баада электр энергиясын берүүгө даяр деген боордоштук сөзүңүз үчүн ыраазычылык билдирем. Электр кубатын жеткирүүгө байланышкан бардык маселелерди чечебиз. Биз азыр темир жол куруунун болжолдуу варианты тууралуу да сүйлөштүк. Түркмөнстандан Кытайга газ түтүгүн тартуу ишине катышуу бизге маанилүү. Менимче, алдыбызда абдан чоң иштер турат.

5-август, 2015-жыл
5-август, 2015-жыл

Түркмөнстандын президенти менен келген калың делегация кыргыз тарап менен бир катар документтерге кол коюуга жетишти. Алардын арасында соода-экономика, маданият, спорт, айыл чарба, илимий техника ж.б. тармакта кызматташтыкты күчөтүү тууралуу 15 документ кабыл алынды.

Өз сөзүндө түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов Кыргызстан менен Түркмөнстан региондо гана эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөөдө жалпы милдеттер менен максаттарга ээ экендигин айтты:

- Энергетикалык суроолордун келечеги кең. Түркмөнстан-Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан газ кууру көп жылга созулбай башталат деп ишенебиз. Ошондой эле Жибек жолу аркылуу унаа жана темир жолду баштасак, долбоордун арты менен бардыгыбызга Ыраакы Чыгыш, Орусия жана Европага чейин соода жол ачылат.

Газ маселеси жана транспорт тууралуу атайын келишимге кол коюлбаса да, тараптар ушул өңүттө көбүрөөк сөз кылышты. Кара жол аркылуу товар алмашуу беш айда 4 млн. доллардан ашкан. Бул сандарды Кыргызстан менен Түркмөнстан дагы көбөйтүүгө кызыкдар.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алдыда темир жол куруу жана автомобиль транспортун өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр каралган. Аны менен чогуу Бишкек-Ашхабад авиакаттамын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын айтты.

- Биз буга чейин авиакаттам боюнча сүйлөшкөнбүз. Азырынча жүргүнчүлөр арасында суроо-талап аз болуп жатат. Эми Бишкек-Ашхабад, андан ары Европанын башка өлкөлөрүнө уча турган кылып же Бишкекке Европадан Ашхабад аркылуу учуп келген маршруттарды карап жатабыз.

Түркмөнстан менен дипломатиялык алака 1992-жылдан бери түзүлүп, 1994-жылы президенттердин расмий сапарлары башталган. Акыркы жолу Ашхабадга 2014-жылы ноябрда Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен барган.

XS
SM
MD
LG