Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Кыргыз-түркмөн ишкерлер кеңеши түзүлөт


Бүгүн Бишкекте кыргыз-түркмөн бизнес форуму башталат. Өкмөткө караштуу соода-өнөр жай палатасы уюштуруп жаткан ири жыйында эки тараптуу экономикалык кызматташтык талкууланат.

Өкмөткө караштуу соода-өнөр жай палатасынын басма сөз катчысы Элиза Боталиева “Азаттыкка” билдиргендей, Түркмөнстан менен Кыргызстан мындай биргелешкен форумду алгач ирет өткөрүп жатат. Соңунда кызматташууну жандантуу боюнча меморандум кабыл алынат.

- Меморандум “Палаталар аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү” деп аталат. Анда кыргыз-түркмөн ишкерлер кеңешин түзүү сунушу да жазылат.

Форумга катышуу үчүн Түркмөнстандан 26 киши келет. Алардын 23ү ишкерлер, калганы өкмөт өкүлдөрү.

Жыйынды уюштуруу жакында Кыргызстандын Ашхабаддагы элчиси Жаныш Рустенбеков менен бул өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Давран Оразмурадов жолугушкан кезде макулдашылган. (SE)

XS
SM
MD
LG