Буга чейин Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясынын доо арызы менен “Центеррадагы” акциялар камакка алынса, эми “Стэнс энержи корп” компаниясынын доосу менен 60% акция камакка алынды. Кыргыз өкмөтү активдерин коргоого аларын билдирүүдө.
Кыргызстан инвесторлор деп аталган онго чукул субъекттер менен эл аралык соттордо соттошууда. Ал соттошуулардын алгачкы жыйынтыктары чыгып калды. Тилекке каршы, Кыргызстандын пайдасына эмес. Биринчиден, “Систем мүхендислик” “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн 11 миллион долларга утуп алды.
Эми Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы Онтарио провинциясынын Жогорку Сотунун чечими менен “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларынын 60% камакка алууга жетишти.
“Кыргызалтындын” жетекчилеринин бири Кылычбек Шакиров Онтарио сотунун чечими 15-октябрда расмий түрдө келгенин айтып, “Кыргызалтын” активдерин коргоого аракет жасарын билдирди:
- “Кыргызалтын” өзүнүн активдерин коргойт. “Кыргызалтын” өкмөттүн карыздары боюнча төлөөгө милдеткер эмес. Эгерде кимдир бирөөнүн өкмөткө доосу болсо, анда алар өкмөткө, Каржы министрлигине кайрылышы керек. Биз менчик компаниябыз. Акционердик коомбуз. Биз бул стратегияны “Систем мүхендислик” менен соттошууда да карманганбыз. Ооба, “Кыргызалтындын” акциялары Мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Бирок биз менчик компаниябыз. Биз өкмөттүн карыздары боюнча милдеткер эмеспиз. Ошондуктан биз юристтерибиз менен сотко кайрылабыз.
Кылычбек Шакировдун айтымында, “Центеррадагы” Кыргызстандын активдерин камакка алуу “Стэнс энержинин” чоң катачылыгы болуп калды.
Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Кубатбек Байболов “Кыргызалтындын” мындай позициясы ийгиликке алып келбейт деп эсептейт. Анткени, “Кыргызалтындын” 70% акциясы мамлекеттики. Камакка мына ошол мамлекеттин үлүшү алынууда.
Бул соттошуулардагы жеңилүүлөр мамлекеттик саясаттагы башаламандыктын, өзүмбилемдиктин жыйынтыгы деген Кубатбек Байболов буларга токтолду:
- Ички маселелерди сот менен, анан бийликти басып алып, же болбосо мүлктү омуроолоп тартып алгандай эле эл аралык нерсени да булар ошондой деп ойлошкон да. Эл аралык маселе деген башка. Эми сот чечим чыгаргандан кийин “кылычыңды бокко чап” дегендей эле кеп. Эл аралык сотторго эмне дейсиң? Болуптур, туура эмес чыгарып жатасың дейсиң. Алар айтат, андан ары сотко барып, чечип ал деп.
Байболовдун пикиринде, мамлекетти мына ушундай чыгаша жана мүшкүлдөргө туш кылгандар жазасын алышы керек.
Кыргыз өкмөтү өз кезегинде 15-октябрда кеңешмеге чогулуп, активдерди кантип коргоонун амалын карарын өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов билдирди:
- Өкмөт “Кыргызалтын” акционердик коому аркылуу өзүнүн “Центеррадагы” активдерин коргойт. Ошону менен биргеликте “Стэнс энержи” менен дагы сүйлөшүүлөр жүрө бермекчи.
Кыргызстандын активдерин камакка алууга жетишкен “Стэнс энержи корп” компаниясы Куттуу - Сай кенин иштетүүгө 2009-жылы лицензия алган. 2012-2013-жылдары парламентте ал лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Бишкектеги райондор аралык соту лицензияны алып койгон.
“Стэнс энержи корп” өз кезегинде кыргыз тарап лицензияны мыйзамсыз тартып алды деп, Москвадагы Арбитражга кайрылган. Быйылкы жылдын июнь айында Москвадагы сот “Стэнс энержинин” пайдасына 120 млн. долларга жакын доону төлөп берүүгө Кыргызстанды милдеттендирген чечим чыгарган.
Соттун чечиминен кийин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте “Стэнс энержинин” өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуп, маселени чечүүгө аракет жасаган. Андан эч кандай натыйжа болбогону Онтарио сотунун чечиминен көрүнүп турат.
Мына ошентип, Москвадагы Арбитраждык соттун чечимине таянуу менен Канаданын Онтарио соту Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” 60% акциясын камакка алуу чечимин чыгарды. Белгилүү болгондой Кыргызстандын “Центеррада” 33% үлүшү бар. Ал жалпысынан 77 млн. 400 миң даана акцияны түзөт. Мына ошол 77 миллиондон ашуун акциянын 47 млн. даанасы камакка алынып отурат.
“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировдун айтымында, бул соттошуу жана акцияларды камакка алуу “Центерра” менен Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө да таасирин тийгизет. Ал сүйлөшүүлөрдүн солгундашына жана созулушуна алып келет.