Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Таластын "ак алтыны"

21
Төө буурчак баасынын жогору болгонуна байланыштуу көпчүлүк дыйкандар материалдык абалын тыңдап алганын айтышты.

22
Жыл өткөн сайын төө буурчак облустун негизги киреше берчү өсүмдүгүнө айланып баратат. Азыр дыйкандар мурдагыдай картошка, кант кызылчасын, тамеки багуудан алыстаганы байкалат.