Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Кумтөр: Кыргызстан үлүшү кантип көбөйөт?


Мурунку бийлик учурунда Кумтөрдүн тагдырын калчаган Капар Курманалиев менен Алексей Елисеев аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча мүмкүнчүлүктү азыркы бийлик пайдаланган жок деп айыптады. Качып жүргөн мурунку эки жетекчинин айтканында негиз барбы?

Курманбек Бакиевдин учурунда жаратылыш ресурстары министри болгон Капар Курманалиев жана Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын орун басары болгон Алексей Елисеев ээлеген кызматтарына жараша Кумтөрдүн тагдырын чечүүгө катышкан жана ал кездеги президенттик үй-бүлөгө жакын кишилерден болгон.

Алар 15-октябрда маалымат каражаттары аркылуу Кумтөр маселеси боюнча кайрылуу менен чыгышып, анда "азыркы бийлик Кумтөр кенин башкаруу боюнча түзүлгөн ыңгайлуу шартты жоготуп алды, ал эми канадалыктар аны пайдаланып кетти" деген ойду айтышкан.

Курманалиев жана Елисеевдин айтымында, Кумтөр боюнча ал кездеги комиссиялардын ишинин жыйынтыгында Кыргызстан "Центерра голддун" эң ири акционери болуп калган. Мына ошонун натыйжасында директорлор кеңешинде өкүлдөрүн көбөйтүп, кенди башкарууну колго алуу алдында турган эле. Бирок 2010-жылдагы окуядан кийин Кыргызстан тараптан бул ишти жүргүзүп жаткан кишилер кызматтан четтетилген. Канадалыктар андан пайдаланып, өздөрүнө ыңгайлуу башкарууну сактап калышкан.

“Центерра голд инктин” директорлор кеңешинин мүчөсү Амангелди Муралиев Елисеев жана Курманалиевдин сөздөрүн жокко чыгарып, 2010-жылдан кийин “Центерра голддун” директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлү бир мүчөгө көбөйгөнүн билдирди:

​- Атамбаев, Отунбаева президент болгондон кийин директорлор кеңешинде үчөө болду. Алардын тушунда экөө эле болчу. 2010-жылдан кийин мүчөлүккө таза адамдар келди. Ошол директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнөн "Елисеев өзү кандай иштеген эле" деп сураганбыз. “Алар келип, чала-була катышып эле кетип калышчу” деп жооп беришти.

Амангелди Муралиев ошондой эле Алексей Елисеев “Центерранын” директорлор кеңешине Кыргызстандын квотасынан Косвин аттуу украин жаранын киргизип алганын да эске салды. 2010-жылдан кийин “Центерра голд инк” Кыргызстанга төлөнчү дивиденддин көлөмүн көбөйтүп, ал 34 млн. долларга жеткенин Муралиев кошумчалады.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров дивиденддин көлөмү алда канча көп болуш керек эле дейт:

- Былтыр алтынга баа кескин көтөрүлүп кеткендиктен “Центерра” компаниясы 1 млрд. доллардан ашык киреше алды. Ал эми компаниянын таза кирешеси 420 млн. доллар болду. Анын 50 млн. долларын башкарганыбыз үчүн деп менежмент өзүнө алып алган. Ал эми калган 370 млн. долларды инвестиция кылдык, өнүктүрүүгө жабдуу сатып алабыз деп, бөлүп жиберишкен. Кыргызстанга андан акча түшпөй калган. Өкмөттө жүргөндө да айткан талабым - 370 млн. доллардын 33% бизге накталай акча болуп түшүш керек. Ошондо 33% 120 млн. доллардын тегерегинде болуп жатат.

“Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшүн жана өкүлчүлүгүн көбөйтүү маселесине токтолгон Акылбек Жапаров Елисеев жана Курманалиевдин сөзүн тастыктоочу жагдайды ачыктады.

Жапаровдун айтымында, Кумтөр боюнча иштеген 2008-2009-жылдагы комиссия Кыргызстандын үлүшүн 52% жеткирген. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Кыргызстандын үлүшүн дагы 9% көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралып, ал мүмкүнчүлүк ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге маалымдалган. Бирок мурунку бийлик башындагылар ал 9% акцияны өздөрүнө ыйгарып алган дейт Жапаров:

- Балким пайдаланып кетишти. Анткени эң ири акция кармоочу 33% менен Кыргызстан эле. Андан кийин 10% менен бир фонд турат. Бул фонд 2009-жылдан кийин пайда болуп калды. Биз акцияларды базардан сатып алдык дешти, ошол 10%. Мен ушул фонддон күмөн санап турам. Анткени ал макулдашууга жетишкенден кийин пайда болду. Ошол жерде мурунку жетекчилик отурабы деген шек бар.

Кыязы, Алексей Елисеев мына ошол 9% акция менен Кыргызстандын 33% үлүшүн кошуп, мына ошол аркылуу "Центерраны" башкарууну колго алуу мүмкүнчүлүгүн айтып жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG