Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кыргызстан сууну товар катары сата алабы?


Бүгүн Чехиянын борбору Прагада Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азия ортосунда узак мөөнөттүк энергетика жана транспорттук байланыш түзүүгө арналган саммит башталды. Мына ушул саммит, Борбор Азиядагы суу-энергетикалык, экологиялык маселелер тууралуу гидро-энергетик адис Райымбек Мамыров “Азаттыкка” кеп салып берди.

-Райымбек мырза, Прага шаарында Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азия ортосунда узак мөөнөттүк энергетика жана транспорттук байланыш түзүүгө арналган саммит башталды. Бирок минтип Европа өлкөлөрү аралашып бул жаатта жагдайды жөнгө салууга аракеттенип жатканы менен Борбор Азиядагы мамлекеттер бул маселелердин айланасында бир пикирге келе албай жатышат. Муну өткөн айдагы Алматы саммити да ачык көрсөттү окшойт?..

- Ошол саммитте Тажикстандын президенти Э. Рахмондун айтканы мага да жакты. Биздин көз карашты президент Курманбек Бакиев жакшы эле айтып кетти. Мен мурдатан эле айтып жүрөм, эгер Борбор Азияда суу боюнча консорциум түзөбүз десе, бүт энергетиканы чогуу караш керек. Ошонун ичинде газды дагы. Өзбекстан бизди сындап, Аралга агып барчу сууну азайтып атат дегени менен, ошол эле учурда өздөрү Нарындан агып бараткан суунун көпчүлүгүн жолдон алып коюп, ошонун натыйжасында Арал кургап атат. Сыр-Дарыянын боюна курулган көптөгөн чоң-кичине суу сактагычтардын да экологияга тийгизген терс таасири бар. Ал эми биздин бийик тоолордогу мөңгүлөрдүн эриши дал ошол Казакстан менен Өзбекстанда ысыктыктын абага бууланып чыгып жаткандыгынын натыйжасы. Анткени алар электр энергиясын 80% чейин газ, көмүр менен иштеп чыгышат. Ал жактан көп ысыктык чыгып, мөңгүлөрдүн көп эрип атышы да ушундан улам.

- Алматы саммитинде кыргыз президенти К. Бакиевдин сууну товар катары сатуу тууралуу сунушун Казакстан менен Өзбекстан колдоого алган жок. Ошол эле учурда эмне үчүн Өзбекстандын газы менен Казакстандын көмүрү товар, ал эми суу – жок, деген суроо туулат?

- Менимче, буга баары бир барабыз, бирок кийинчерээк. Азыр болсо негизги орунда сууну сактаганга кеткен каражаттарды бизге Казакстан менен Өзбекстандын кайтарып берүүсүнө жетишүүбүз керек. Бул боюнча казак тарап азыраак болсо да Киров суу сактагычындагы сууну сактоонун чыгымдарын төлөшүп жатат, бирок өзбек тарап бул жаатта бир тыйын да корото элек. Ошондуктан, бул жерде мамлекет болгон рычагдарын колдонуп, ошого жетишүүсү тийиш. Токтогул, келечекте Камбар-Ата суу сактагычтарына сууну топтоп, сактоого кеткен чыгашанын ордун толтурууга коңшулардан тиешелүү өлчөмдө төлөм алууга жетиш керек. Кийинчерээк болсо сууну товар катары сатууга өтсө болот. Ошол эле экспертиза жүргүзүлүп жаткан учурда мына ушул маселени коюп, чечип алуу керек.

- Мына ушул суу тууралуу Кыргызстандын Өзбекстанга каяша айтып, каш кагып атканы кышында кайра зыянын тийгизбейби? Өзбекстан газды бууп, же таптакыр бербей койсо?..

- Менин оюмча, Өзбекстан жасай турганын жасап койду. Мындан артык жаманчылык кыла албайт. Эми газды 240 доллардан бизден башка эч ким албайт. Азыр билесиңер мунай арзандады. Газ дагы арзандашы керек. Кыргызстанда деле көгүлтүр от мурдагыдай көп пайдаланылбай калды. Бишкек ТЭЦине көмүрдү көбүрөөк чогултуп, камдап алсак азыркы жай мезгилинде суу сактагычка сууну да көбүрөөк топтоп алсак, газдан деле көз каранды болбойбуз. Көгүлтүр от азыр элдин пайдалануусунда да азайды, баасы көтөрүлгөндөн бери газ жагып, аны көп пайдалануу да кыскарды. Болгон эле бир рычагы - газ, бирок Өзбекстандагы газдын көпчүлүгүн Орусиянын “Газпром” ишканасы сатып алды, аларга болсо кайда алпарып, кимге сатса баары бир. Ошондуктан, бул жагынан коркунуч жок.

- Өткөн жылы Түркмөнстан газ куурун Кытайга Кыргызстан аркылуу арзаныраак өткөрүүдөн көрө, Казакстан аркылуу өткөрүүнү туура көрдү. Буга эмне себеп болушу ыктымал?

- Ал жерде менимче бир аз саясатташып кетти окшойт. Анткени анда Кыргызстан менен Казакстанды тандоо маселеси турган. Бул жерде чечүүчү добушту Кытай ойноп кетти окшойт. Ал маселеде АКШнын “Манас” аба базасынын Кыргызстанда турушу да кандайдыр бир терс таасирин тийгизди деп ойлойм, себеби мендеги маалымат боюнча, ШКУнун Бишкектеги саммити учурунда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон экен. Ачык айтылбаса да бирок ошондой болгон го. Андан кийин базанын маселеси чечиле бербеген соң, тараптар газ куурун Казакстан аркылуу өткөрүүнү чечишти.

-Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG