Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Газ куурунун жарылышы Түркмөнстан - Орусия алакасын салкындатты


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Орусия президенти Дмитрий Медведев.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Орусия президенти Дмитрий Медведев.

Өткөн жумада газ куурунун жарылышы Түркмөнстан менен Орусиянын ортосундагы демейки жылуу мамилени салкындаткандай болду. Эки өлкө тең бул окуя үчүн бири-бирин күнөөлөштү. Бирок жарылууга чейин эле Түркмөнстан менен Орусиянын табигый газ өндүрүү жаатындагы кызматташтыгында жарака бар экени байкалган эле.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кол алдындагыларга өткөн жумада жарылып кеткен газ куурун калыбына келтирүү тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоону буюрду. Анын айтымында, Түркмөнстан газ куурунун жарылуу себептерин иликтөө үчүн көз карандысыз адистерди тартууга да даяр турат.

Ырасмий Ашхабат газ куурунун жарылышына дароо Орусиянын «Газпром» мамлекеттик ишканасын күнөөлөгөн. Ага ылайык «Газпромдун» Түркмөнстандагы бөлүмү Ашхабатка кабарлабай туруп куурдагы газдын өлчөмүн кескин азайтып жиберген. Ал эми Түркмөнстан андан кабарсыз газ сордуруп ала берген да натыйжада жарылуу пайда болгон.

Орусиянын маалымат каражаттарында газ куурунун жарылышына Ашхабатты айыптаган маалыматтар пайда болуп, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги аны «жоопкерчиликсиздик» катары баалады. Ал эми Орусиянын чиновниктери азырынча маселе тууралуу кеп козгобой, саксынып турушат.
Азыркы тапта бул эки өлкөнүн жылуу мамилеси кыйла салкындай түшкөнү даана эле көрүнүп турат. Майкл Лабс.


9-апрель күнү Орусиянын «Нефти жана газ» институтунун директору, академик Анатолий Дмитриевский теле аркылуу сүйлөп жатып, жарылууга Түркмөнстандын эскирип бүткөн газ куурлары себепчи болгонун, алар 1960-70-жылдары эле курулганын айткан эле. Анын эртеси эле Түркмөнстандын өкмөттүк интернет сайты жооп кылып, академиктин сөзүн четке каккан.

Борбор Азия боюнча белгилүү адис Майкл Лабстын айтымында, Түркмөнстан мындай аракети менен батыштын көңүлүн бургусу, Москвага каяша кылганын көрсөткүсү келип жатат.

«Азыркы тапта бул эки өлкөнүн жылуу мамилеси кыйла салкындай түшкөнү даана эле көрүнүп турат. Бул – түркмөн бийлигинин кадимкидей эле батышка белги берип атканы. Алар батышка чындап кубаттуу өлкөгө айланганын көрсөткүсү, Кремль менен ачык кер-мур айтышууга күчү жетерин далилдегиси келип жатат»,- дейт Майкл Лабс.

Газ куурунун жарылышын Орусиянын маалымат каражаттары ар кандай сыпатташты. Маселен, «Коммерсант» басылмасы бул жарылуу Түркмөнстанга артыкчылык бергенин, анткени батыш Түркмөнстан менен «Набукко» газ кууру долбоору тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп келатканын, батыш менен кызматташуудан Ашхабат көбүрөөк пайда көрөрүн жазып чыкты.

«Время новостей» гезити болсо тескерисинче жарылуу Орусия үчүн пайдалуу болгонун жазат. Анткени, Орусия газдын баасы абдан жогору кезде Орто Азия өлкөлөрүнөн европалык баада газ сатып алуу келишимине кол койгон. Ал эми азыркы тапта газдын баасы түшүп кеткендиктен Орусия эле жабыркап келаткан.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жарылуу үчүн «Газпромду» айыптап, газ жана нефти тармагын тейлеген премьер-министрдин орун басары Тачберди Тагиевге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү буюрду.

«Тагиев, сиз «Газпромдун» жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз. «Газпром» өз күнөөсүн моюнга албай турган болсо, биз көз карандысыз адистерди чакырабыз. Эгер жарылууга биз күнөөлүү болуп чыксак, анда биз чыгымдарды моюнга алабыз. А эгер «Газпром» күнөөлү болуп чыкса, анда алар оңдоо иштерине төлөп, Түркмөнстандан жарылуудан кийинки жоготууларын төлөп бериши керек»,- деди Гурбангулы Бердымухаммедов.

XS
SM
MD
LG