Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Кабул: Министрликтерге жасалган үч чабуулда 26 киши өлдү


Согушчандардын чабуулунан кийин Ооган командосу Адилет министрлигин акмалашууда
Согушчандардын чабуулунан кийин Ооган командосу Адилет министрлигин акмалашууда

Кабулдагы өкмөттүк имараттарга 11-февралда жасалган үч чабуулда кеминде 26 киши өлдү. Жардарлардын саны 60 чакты. 8 террорчу-жанкечти өлдү деп боолгонууда. Чабуулдар үчүн жоопкерчилигикти талиптер өзүнө алды. Калаба АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарманы Ричар Холбрук Кабулга келерден бир күн мурда болду. Бул Ооганстанда соңку жылдары болгон чоң террордук чабуул.

Биринчи бута Ооганстандын президент сарайы жайгашкан комплекске канатташ Адилет министрлиги болду. «Азаттыктын» кабарчысы Хамид Мохмаддын билдиришинче, кол салгандардын бирөөсү имаратка кирип барып, өзүн жардырганда министрликтин бир нече кызматкери жана иш менен келген бир нече адам өлгөн. Экинчи чабуулчу эки саатка чукул аткылашып атып, окко учкан. Бир полициячы жана коопсуздук кызматынын офицери да курман болуп, министрликтин ичинде жашынып калган бир чабуулчу колго түшкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Адилет министрлигинин кызматкери Гүл Хамид кандай аман калганы жөнүндө буларды айтты:

- Куралчандардын бири үчүнчү кабаттагы, башкасы экинчи кабаттагы бөлмөлөргө кирип барып ок ачышты. Алар экинчи кабатта бир кишини атып салышты. Куралчандар окту жамгырдай төгүп жатканда, арткы эшиктен качып чыктым.

Улуттук коопсуздук башкармалыгын акими Амарулла Салих чабуул тыш өлкөдөн пландаштарылганы жөнүндө чалгындоо маалыматтары бар экенин маалымдады:

" Алар Адилет министрлигине кирип баратып жана аердеги адамдарды өлтүрө баштагандан мурда Пакистандагы жетекчилерине бата берүүсүн сурап, үч кат жөнөтүшкөн."

Экинчи топ - Кабулдун түндүк бөлүгүндөгү мейманканын жанынан өтүп бараткан Батыштык аскерий кербенге ок жаадырган. «Бийликтер «Хорасан» конок үйүнүн маңдайында жанкечтилик болуп, көптөгөн адамдардын каны төгүлгөнүн тастыкташты, -дейт «Азаттыктын» кабарчысы. -Бирок, канча адам өлгөнү так айтыла элек.»

Үчүнчү чабуул Жазалоо департаментине жасалып, 10 адам окко учкан. Билим берүү министрлигине кол салуу аракети ишке ашпай калганы айтылууда.

Жумуш күнү кызый баштаган учурда болгон чабуул Ички иштер министрлигинин элди коркуп-дүрбөбөөгө чакырганына карабай - Кабулдагы мекеме, дүкөн, ишканалардын жабылышына алып барды.

Ооганстандын коопсуздук кызматы дагы жаңы чабуулдар болорун эскертти.

- Кырдаалды иликтеп, душман бизге каршы ачык чабуулга өтпөйт деп тыянык чыгардык. Ачык чабуул койууга алардын кубаты жетпейт. Ошон үчүн, алардын стратегиясы жакшы корголбогон жайларга, эң алды, Ооганстандын чоң шаарларына багытталат, - деди Улуттук коопсуздук башкармалыгынын акими Салих.

Шаршемби күнү Ричард Холбрук Пакистандын батышындагы Пешаварда жүргөндө, шаарда бомба чабуулу болду. Андан провинциалдык кеңештин депутаты набыт болду. АКШнын атайын чабарманы Холбрук бүгүн Кабылга келет.

XS
SM
MD
LG