Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Кыргызстандын чечими жөнүндө Мюнхенде да сөз болду


АКШ вице-президенти Жо Байден Ооганстан менен Пакистандагы абал АКШны абдан кооптондурган маселе экенин айтты.
АКШ вице-президенти Жо Байден Ооганстан менен Пакистандагы абал АКШны абдан кооптондурган маселе экенин айтты.

Вице-президент Жо Байдендин Мюнхендеги коопсуздук конферециясында айтышынча, Ооганстанда жана Пакистандагы абал - АКШны абдан кооптондурган маселе. Россия Ооганстандагы операцияны колдоп жатканда, Кыргыз президенти Бакиевдин АКШлык авиабаза жабылат деп Москвада жарыялаганы таң калычтуу экенин НАТОнун башкатчысы Скеффер белгиледи.

Мюнхен конференциясында сүйлөгөн АКШнын өкүлдөрү Вашингтондун максаты - Ооганстандын стабилдүүлүгүн камсыздоо экенине токтолушту. Алар Ооганстандагы демократиянын келечеги жана мыйзамдуу башкаруу жөнүндө ооз ачышпады. Вице-президент Жо Байден ишемби күнү жыйында сүйлөп: «Ооганстан террорчулардын жабыты эмес. Кошмо Штаттар өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу аракетин уланта берет» деди. Байдендин айтышынча, Пакистан коопсуз болмоюн Ооганстанда тынчтык болбойт. Анүчүн эл аралык коомчулук Пакистандын уруулар башкарган аймактарында тынчтыкты орнотууга, экономикасын стабилдештирүүгө жардамдашууга тийиш. Коңшу эки өлкөдөгү кырдаал АКШга эле эмес, «бу жыйында отурган ар бир адамга коркунуч жаратат», деп эскертти Байден.

Президент Обаманын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жеймс Жон да ушул нукта сүйлөдү.

- Ооганстандын проблемалары жалгыз бир өлкө менен чектелбесин бизге мезгил тастыктады. Бул региондун көйгөйү. Стратегиялык жактан бүтүндөй регион өтө маанилүү экенин түшүнө баштадык деп ойлойм.

Байден да, Жонс да Ооган жериндеги НАТО башындагы күчтөрдөн АКШ кеңеш жана жардам күтөөрүн, ошондой эле Евробиримдик, БУУдагы башка эл аралык уюмдар Ооганстанды өнүктүрүүдө макулдашып иштөөсүн кааларын билдиришти.

АКШ келерки эки жылда Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтмөкчү. Европалык союздаштар да аскер жөнөнтөт деген үмүттө.

Президент Хамид Карзай талиптер менен элдешпей туруп, Ооган жеринде тынчтык болбосун, ошон үчүн эл аралык коомчулукту жана АКШны өз ара жарашууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Мюнхендеги конференцияда Кыргызстандын АКШ авиабазасын жабуусу жөнүндө да сөз болду. Москва Ооганстандагы коалициялык күчтөргө керектүү заттарды ташууга өз жардамын сунуш кылып жатканда кыргыз тараптын берегидей кадамы түшүнүксүз, деди НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер:

- Кыргыз президентинин "Манас" аба базасы Кошмо Штаттар үчүн жабылат деп Москвада жарыялаганы мени тынчсыздандырды. Россия Улуттар Уюмунун Ооганстандагы операцияга уруксат берүүсүн колдогон. Миссия үчүн жүк ташууга жерин сунуш кылганы мен кубанткан. Россия миссияны башка да жолдор менен колдап жатканда, береги кадам орунсуз болуп калды.

Мындай сөздөн улам Россиянын вице-премьери Сергей Иванов Мюнхен жыйынын соңунда болгон брифингде атайын түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду. «Кыргыз жетекчилигин базаны жабуу жөнүндө чечимине Россия Федерациясы берип жаткан кредиттин эч кандай тиешеси жок. Бул кезектеги кредит. Ал жөнүндө жарым жылдан ашуун убакыттан бери сөз болуп жаткан», - деп түшүндүрдү Сергей Иванов.

XS
SM
MD
LG