Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта “ал Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү бергени” айтылат.
“Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды”, - деп айтылат маалыматта.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган.
Айбек Шаменовдун сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек. (BTo)
Шерине