Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Шота Утиашвилинин айтымында, расмий Москва Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Абхазияда “жаңы агрессияны” даярдоодо. Грузин өкмөтү тараткан билдирүүдө төрт миң орусиялык жоокерлер Абхазияга келгени айтылат.
Бүгүн (жекшембиде) Грузиянын парламентинин спикери Давид Бакрадзе сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, орус куралдуу күчтөрү Грузиянын Абхазияга жакын жайгашкан Зугдиди шаарына чабуул жасоого ниеттенип жатканын эскертти:
- Биздин колубуздагы тастыкталган жана ишенимдүү маалыматка караганда, орусиялык аскер күчтөрү алдыдагы бир нече сааттын ичинде Зугдиди шаарын көздөй чабуулга өтүүгө беленденип жатат.
Орус-грузин аскер чатагы Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу Евробиримдиктин ушул таптагы төрагасы Франциянын билдирүүсүндө айтылат. “Евробиримдик Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн сакталышын толук колдойт” деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары билдирүүдө Евробиримдик аскер чатагы тутанган аймакта атышууларды токтотууга жана расмий Москваны Грузиянын сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу сунушуна оң жооп берүүгө үндөгөнү айтылат.
Бүгүн Евробиримдик, АКШ, ЕККУ жиберген эл аралык өкүлдөр Тбилиси шаарына келди.
Делегациянын мүчөсү, француз Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ролан Галарги (Rolan Galargi) Тбилисиде кабарчыларга мындай деп айтты:
- Биз бул жакка Европа Биримдигинин, ЕККУнун жана Кошмо Штаттардын биргелешкен делегациясы катары келдик. Биз баарыбыз Грузияга колдоо көрсөтүү үчүн келдик жана бул согуш таптакыр орунсуз экенине, учурдагы кырдаал өтө алааматтуу окуя экенине терең ишенимибизди кайталап айтуу үчүн келдик.
Грузия АКШга кайрылып, Орусия менен чатакта арачы болуп берүүнү өтүндү. Буга байланыштуу кайрылуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райска жөнөтүлгөнүн Грузиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Ломая билдирди. Чыңалган кырдаалды жөнгө салуу үчүн Грузияга Евробиримдиктин, АКШ жана НАТОнун өкүлдөрү келди.
Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Дана Перино (Dana Perino) айым бүгүн (10-августта) Бээжинде маалымат жыйынында Грузиядагы окуялар тууралуу мындай деп айтты:
- Бардыгы тең, анын ичинде грузиндер да, азыркы согуш аракеттерин токтотуу үчүн тийешелүү кадамдарды жасашы керек. Биз бул окуяны тынчтык жолу менен чечүү үчүн бар көңүлүбүздү бөлүүдөбүз. Президент Жорж Буш Орусия тарабынын жообу өтө ашыкча болду деп санайт. Биз күнөөсү жок кишилердин, өзгөчө Грузиянын ичиндеги калайыктын тагдыры үчүн абдан тынчсызданып жатабыз. Биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн кадырлайбыз жана Орусиядан да ушундай эле мамиледе болууну күтөбүз.
Абхазия да согуш аракеттерине кошулду.
Грузия менен Орусиянын ортосундагы кагылышуулардын кырдаалында Грузиянын жикчил аймагы – Абхазия да согуш аракеттерине кошулду. Абхазиянын лидери Сергей Багапш Кодори капчыгайына 1 000 жоокер жөнөткөнүн билдирди. Азырынча абхаз аскер күчтөрү капчыгайга кол салган-салбаганы белгисиз.
Ишембиде БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде чыгып сүйлөгөн Орусиянын БУУдагы элчиси Юрий Чуркин орус аскерлери карапайым кишилерди бутага албаганын айтты:
- Биз Түштүк Осетиянын аймагынан сырткаркы эч кандай жерди басып алып жаткан жокпуз. Биз мындайга барган жокпуз. Экинчиден, албетте, биз эч кандай карапайым кишини бутага алган жокпуз. Эгерде карапайым кишилерден кимдир-бирөөлөр жапа чеккен болсо, албетте, муну жокко чыгара албайсыз, анда бул өтө кейиштүү окуя.
Расмий Киев болсо Грузиянын Кара деңиз жээгине жөнөтүлгөн орусиялык аскер кемелерин кайра Севастополго киргизбей койо турууга укугу бар экенин билдирди. Украин Тышкы иштер министрлиги бүгүн (жекшембиде) таркаткан билдирүүдө Орусиянын Кара деңиз флотунун Түштүк Осетиядагы окуяларга кийлигишүүсүнө расмий Киевдин каршы экендиги эскертилет.
Кремл өз аскер кемелери Грузиянын жээк боюна келгенин тастыктаган, бирок алардын милдети – сырткаркы жактардан Грузияга курал-жарактардын келишин болтурбоо жана “болжолдуу гуманитардык жардамдарды уюштурууга көмөкчү болуу” экендиги айтылган.
Бул соңку окуялар тууралуу Кыргызстандык саясатчылар кайчы пикирлерин билдирүүдө.
“Азаттык” үчүн курган маегинде мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай деди:
-Биринчиден, бул маселенин тарыхый түпкүрүнө көз салсак, СССРдин доору аяктап, Грузия өзүнчө эгемендүү мамлекетти түптөө мезгилинде Түштүк Осетия жана Абхазия автономдук республикаларынын пикирин эсепке алган эмес.
Экинчи жактан, 1992-жылкы согуштан кийин Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы абал себеп. Бул жерде көп документтерге кол коюлган, ал жерде эки тараптан тең бири-бирине кол салууга жол бербөө тууралуу айтылган. Эгер кайсы бир тараптан кол салуу болсо Орусия ошол жакка жардам берет деп айтылган.
Тилекке каршы, бул ирээт Грузиянын жетекчилери ошол келишимди бузгандыгы толугу менен далилденди. Эгер эл аралык укуктук маселелердин алкагында карасак, КМШнын ичинде коопсуздук боюнча дагы бир катар документтерге кол коюлган. Бул жерде Грузиндер башкача түшүндүрмө берип, “Орусия бизге кол салды” деп жатат.
Бирок Жекшенкуловдун оюна башка кыргыз саясатчылары макул эмес. “Таза Коом” партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеровдун оюнча бул жаңжалда Орусиянын жеке кызыкчылыктары бар.
-Орусия өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын коргош үчүн Түштүк Осетиянын элдеринин басымдуу бөлүгүнө Орусиянын жарандыгын берип койгон. Ошондуктан орусиялык куралдуу күчтөр ошого жамынып алып, түз эле кийилигишип жатышат. Жада калса аба күчтөрү дагы Грузиянын аймагын бомбалоого чейин барып жатышат.
Ал эми окумуштуу жана саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Орусиялык сыналгылар окуяларды бир беткей берип жатат.
- Азыр эле эмес, ар дайым КМШга кирген өлкөлөр маалыматтарды Орусиянын сыналгылары аркылуу алат эмеспи. Ошондуктан Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн үгүт жүрүп жатат. Азыр Түштүк Осетиянын мисалында карап көрсөк, Грузиянын президенти Михаил Саакашвилини абдан каралап, Гитлерге дагы салыштырып жиберишти. Бирок мунун бардыгы калп. Биздин эл башка, мисалы, Жапониянын массалык маалымат каражаттарына жетпей жаткандыктан коркунучтуу бир тенденция байкалып жатат. Чынында Осетиянын маселеси түпкүрдө жатат. Бул жакка орусиялык аскер күчтөрүнүн кириши – Грузиянын аймагына кирүү деп эсептелинет. Осетияны БУУ, башка эл аралык уюмдар Грузияныкы деп эсептейт.