Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Африкадагы эки өлкө 30 жылдык согуштан кийин тынчтык келишимине жетишти


Конго Демократиялык Республикасы жана Руанданын министрлери кол койгон келишимди Дональд Трамп кармап турат.
Конго Демократиялык Республикасы жана Руанданын министрлери кол койгон келишимди Дональд Трамп кармап турат.

Африкадагы эки өлкө – Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда 30 жылдан бери Конгонун чыгыш тарабында жүрүп келаткан согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишимге жетишти.

Сүйлөшүүлөр АКШнын жана Катардын ортомчулугу менен жүрдү. Келишимге Вашингтондо Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун катышуусунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол коюшту. Бир нече аптадан кийин тынчтык келишимине Конго менен Руанданын президенттери кол коюшары кабарланды.

Африкадагы эң чоң өлкөлөрдүн бири Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы согуштук аракеттер 1994-жылы Руандада тутси эли хуту эли тараптан геноцидге кабылгандан кийин тутанган. Руандада бийлик алмашкан соң хутулар Конго Демократиялык Республикасы тарапка качып, согуш күчөгөн. Эки өлкөнүн бийлиги согуштук аракеттер үчүн бири-бирин күнөөлөп келген. Бир токтоп, бир уланып турган согуштан 30 жылча убакытта бир нече миллион адам өлгөн.

“Биз азыр 30 жылдык согуштан кийинки тарыхый учурдун күбөсү болуп жатабыз”, – деди Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио келишимге кол коюлгандан кийин. Ал бул макулдашууга жетишүүдө президент Дональд Трамптын ролу чоң болгонун белгиледи.

Трамп өзү “эң жаман согуштардын бирин токтотууга” мүмкүн болгонун билдирди.

Маалымат агенттиктери бул келишимден кийин ок атышуулар дароо токтобошу мүмкүндүгүн, буга согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарда түрдүү топтор бар экенин жазышууда. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG