Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

КООМДУК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ КУРУ КЫЯЛ БОЙДОН КАЛАБЫ?


Кыргызстанда телерадио берүүлөр боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Анда Улуттук телерадио корпорациянын жетекчисин мурдагыдай байкоочу кеңеш эмес, президент тарабынан дайындалышы, байкоочу кеңештин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/02/D33C7258-B717-4992-955E-FE833C9509E7.asp он беш мүчөсүн тең президент сунушташы каралган. Айрым талдоочулар муну өлкөнүн башкы телеканалын коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу катары баалашууда.

Мындай жаңы мыйзам даярдалып жатканы коомдук телекөрсөтүү боюнча Медиа өкүл институту уюштурган кечээки жыйында белгилүү болду. Аны парламенттин билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов жарыялады. Долбоорду Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров баш болгон депутаттардын тобу даярдаган.

Иса Өмүркуловдун айтымында, анда УТРКнын уставын өлкө президенти бекитип, башкы директорун дайындашы, а түгүл байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн баарын тең президент сунуштаары каралган:

- Жаңы долбоорго ылайык, УТРК уставын президент бекитет жана байкоочу кеңештин 15 мүчөсүн тең президент сунуштап, Жогорку Кеңеш шайлайт. УТРК баш директорун, орунбасарларын президент дайындайт, эми байкоочу кеңештин сунушу менен деп койгон. Бирок байкоочу кеңеш толук көз каранды болот. Ошондуктан бул жерде демократиялык же калыстык фактор калып калууда.

Депутат Иса Өмүркулов ошондой эле бул долбоор кабыл алынса УТРК боюнча былтыр кабыл алынган мыйзам күчүн жоготоорун белгилеп, азыр жаңы мыйзамдын эч кандай зарылчылыгы жок, андан көрө байкоочу кеңештин курамын кайра толуктап коюш керек эле деп эсептейт. Аталган комитет эми жакын арада бул долбоорду караган соң парламенттик угуу уюштурууну көздөөдө.

Медиа уюмдардын өкүлдөрү болсо жаңы долбоор кабыл алынган чакта коомдук телекөрсөтүү боюнча кеп кылуунун кереги жоктугун, анда УТРК кайра эле бийликтин саясий куралына айланаарын айтышууда.

Меди өкүл институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков мындай долбоордун даярдалып жатканы буга чейин ачыкка чыкпай, бул тууралуу ар кандай булактардан угуп, бирок ал долбоор менен таанышуу аракети ишке ашпай келгенин, мындай тымызын иштер коомчулукта терс таасир туудурушу ыктымалдыгын, ошондуктан бул маселени жарандык коомдун, медиа уюм өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулоо зарылдыгын айтат:

- Бул коомдук телеберүүнүн форматтары бар мыйзамды жокко чыгарууда. Анда демократиялык өлкөлөрдөгүдөй коомдук телеберүү Кыргызстанда болбойт. Балким азыр чынында эле бизге коомдук телеберүүнүн андай форматы кереги жоктур, балким башка форматы керектир. Ошону издеп, кеңешели, биз да бир тараптуу эле айта бербейли, силер да айткыла деп, түшүнүк талаачасына чакырып жатабыз да.

УТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып жаткан Мелис Эшимканов болсо азыркыдай шартта корпорация жетекчисин президент дайындашын туура көрөт:

- Коомдо болуп жаткан башка процесстерден УТРК тагдырын бөлүп кароого болбойт. Ошол эле айыл өкмөттөрүн мурда шайлачу элек, азыр аким дайындап калды, ошол эле Жогорку Кеңештин регламенти мурдагыдай эмес, Совет доорундагыдай тизилип, басып калышты… Кандайдыр бир демократиялык элементтерден айрылып калгандай болуп жатат. Бирок УТРК баш директорунун милдетин аткаруучу катары мен өзүбүздө диктаторлук ыкманы туура көрүп жатам. «Байкоочу кеңеш, анан не кеңеш, демократия, сен жакшы, мен жакшы» дегенге азыр биздин убактыбыз жок. Улуттук телеканалда ушунчалык чирип-ирип бүткөн финансылык, техникалык, чыгармачылык абал түзүлүп калыптыр. Сазга окшогон абал. Ошол сазды тазалоонун биринчи эле этабы башталды азыр.

Айрым талдоочулар УТРК боюнча мыйзамга президент былтыр апрелде ошол кездеги оппозициялык күчтөрдүн басымы астында кол коюга аргасыз болгонун, бирок кийин саясий кырдаал өзгөрүп кетип, ал мыйзам иштебей калганын айтат. Бул мыйзамга ылайык, УТРК жетекчисин президент, парламент жана жарандык коомдун сунушу менен куралган байкоочу кеңеш шайлашы керек. Бирок байкоочу кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кетип, кворум жоктуктан анын калган алты мүчөсү чечим кабыл ала албай калган. Мындай абалга саясий оюндар себеп болгонун байкоочу кеңештин мүчөлөрү учурунда өздөрү да моюндашкан.

УТРК боюнча азыркы мыйзамды эле калтырып, тек гана байкоочу кеңештин курамын толуктап койсо коомчулукка да, президентке да пайда болот деп эсептеген байкоочу кеңештин мүчөсү Эльвира Сариева жаңы долбоор кабыл алынса коомдук телекөрсөтүү болбойт деген ойдо:

- Эгерде ушул долбоор парламенттен өтсө, анда Кыргызстанда коомдук телекөрсөтүү жок деп айтса болот.

Өлкөнүн башкы телеканалын коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу үч жыл мурдагы март ыңкылабындагы ураандардын бири болгон. Бирок мындай демилге ошондон бери ишке ашпай келет.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG