Ушул жылдын ноябрь айында Адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясынын кызматкерлери менен колдоочулары Финляндиянын борборунда уюмдун чейрек кылымдык мааракесин белгилөөгө чогулушкан. Бирок ал жыйында майрамдык маанай үстөмдүк кылбай, уюмдун финансылык абалынан улам элдин көңүлү башка нукка бурулду. Анткени сентябрь айында Хельсинки федерациясынын Венада жайгашкан баш кеңсесинин мурдагы финансы кызматкери уюмдун казнасынан бир нече жыл ичинде тымызын 1 млн 200 миң евродой акчаны кытып алып, өз чөнтөгүнө бурганын моюнга алган эле.
Эми минтип, Хельсинки федерациясынын аткаруучу комитетинин мүчөсү Холли Картнер шаршембиде Венада буларды билдирди:
- Аткаруучу комитет жана уюмдун бир далай колдоочулары Хельсинки федерациясынын ишин улантуу жолдорун табууга колдон келген аракетти жасадык. Өкүнүчтүүсү, биз уюмдун карызын төлөй турган тиешелүү булак таба алган жопуз, андыктан Эл аралык Хельсинки федерациясы банкрот деп жарыяланат.
Уюмдун тегерегинде финансылык жаңжал башталгандан көп узабай Хельсинки федерациясынын башкы казначысы, президенти, вице-президенти, аткаруучу комитети иштен бошонуу тууралуу арыздарын жазышкан. Декабрдын башында уюмдун Венадагы баш кеңсеси жабылып, чейрек кылымдан бери дүйнөдөгү адам укуктарынын акыбалына көз салып келаткан абройлуу мекеме бул ишмердигин токтотууга аргасыз болду.
Хельсинки федерациясынын 46 өлкөдөгү канат-бутагы финансылык жана техникалык жактан толук көз карандысыз уюмдар болгондуктан, сентябрда башталган жаңжал аларга тикелей зыян тийгизе албайт. Бирок Холли Картнер Венадагы баш кеңсе айрым чакан аймактык бөлүмдөрдү колдоо жагынан көп иш аткаргандыктан, аларга соңку жаңылык таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.
- Ачык айтканда, бул мурдагы советтик өлкөлөрдөгү адам укуктары кыймылы үчүн орду толгус жоготуу. Эл аралык Хельсинки федерациясынын жабылышы алардын өз алдынча гана эмес, бир түйүн катары кызматашып-иштешине сокку келтирет, жалпы Орусия менен Борбор Азияга карата Европанын тышкы саясатына таасир этүү механизми зыян тартууда.
Хельсинки федерациясынын тегерегиндеги жаңжал Орусия менен Борбор Азия өкмөттөрүнүн бейөкмөт уюмдарга каршы чабуулун күчөтүшү ыктымал деген тынчсыздануулар жаратпай койгон жок. Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы Людмила Алексеева азырынча алар кабагым-кашым дебей иштеп жатышканын айтат.
- Эч кандай таасир этпейт. Биз ал федерациянын бир бөлүмү эмеспиз. Көз карандысыз уюмбуз. Венадагы кеңсе биздин ишти координациялап турчу эмес, болгону бирдиктүү долбоорлор боюнча чогуу иш алып барчубуз. Же болбосо алар Косово, же азыркы Беларустагыдай кыйын кырдаалга туш болгон уюмдарга жардам бере турган.
Беларустагы Хельсинки комитети шаршембиде маалымат жыйынын өткөрүп, Венадагы жаңылык аларга эч кандай таасир этпей турганын жарыялады. Ошентсе да, дүйнөдөгү Хельсинки кыймылынын эл аралык аброюна көлөкө түшүрүлгөнү шексиз. Венадагы баш кеңсе өткөн айда Молдовадагы комитетте финансылык көз боемочулуктун бети ачылганын айтып, ал уюмду жабууга аргасыз болгон.