Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ТЫНЧТЫК ЖАРАЯНЫН ЖАНДАНТУУ НИЕТИНДЕ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Израил жана Палестинанын өкүлдөрү менен жолугушуп, шейшембиде баштала турган Жакынкы Чыгыштагы тынчтык конференциясы алдында талаштуу маселелерди талкуулоону улантууда. Аннаполис конференциясына ырасмий өкүлүн жөнөтө турган кырктан ашуун өлкөлөр тизмесине соңкулардан болуп Сирия, Сауд Арапстан кошулду.

АКШнын Мэрилэнд штатындагы Аннаполис шаарында өтө турган жыйынга президент Жорж Буш кожоюндук кылмакчы. Эксперттер андан улам 2001-жылдын январь айында алгачкы ирет Улуттук коопсуздук кеңешине төрагалык кылганда, Буш ансыз да бүлгүнгө учураган Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына аралашкысы келбей турганын айтканын эскеришет. Анда Буш мурдагы президент Билл Клинтон далай дилпоматиялык аракет көргөнү менен Палестин-Израиль чатагы кайра ырбап кеткенин эске салган.

Андан бери заман өзгөрдү, Палестина менен Израилде жетекчилик алмашты, Вашингтон Иран маселесинде колдоо издеп арап өлкөлөрүн кыдырган сайын Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салууга үндөгөн чакырык-талаптарга туш болуп келатат. Айрыкча 6-7 жылдан бери эч бир жылыш байкалбай, жарга такалып калган Палестинаны көз карандысыз мамлекет жарыялоо жараяны коңшулаш арап өлкөлөрүндө нааразычылык жаратып келатат. Айтор, ушул топтолуп калган маселелерди талкуулоо максатында шейшембиде Аннаполисте Жакынкы Чыгыштан Ирандан башка бардык мамлекеттер, баш аягы кырктан ашуун өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү чогулуп, Израил менен Палестина ортосундагы бейпилдиктин тагдырын талкуулашат.

Жекшембиде палестин президенти Махмуд Аббастын кеңешчиси Набил Шаат ал жыйындан эмнелерди күтүп жатканын төмөнкүдөй белгиледи:

- Бул жыйында эң башкысы көңүл чордонуна Палестина маселеси коюлуп, биздин кызыкчылыктар ортого салынышы керек. Андан кийин АКШ президенти Буш айткандай, буга чейин макулдашылган Арап тынчтык келишими, Улуттар уюмунун эл аралык макулдашуулары, 1991-жылы Мадридде кол коюлган келишим жана башка документтердин негизинде сүйлөшүүнү кайра баштоо зарыл.

Ушул эле күнү Израилдин тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Марк Регев “Ройтерс” агенттигине буларды билдирди.

- Менимче, Аннаполис конференциясы үчүн башкы сыноо - жыйынды жакшы өткөрүү эмес, андан кийинки жумаларда, айларда кандай окуялар болот – ошол маанилүү. Биз ушул жыйындан кийин Израил менен Палестина ортосундагы талылуу маселелер боюнча сүйлөшүү жанданат деп үмүт кылабыз. Биз эки тарап тең “Жол картасы” боюнча өз милдеттенмелерин аткарып, палестиндер терроризмге каршы күрөшүп, эл аралык коомчулук Тегеранда болобу, же Газадагы “Хамас” болобу – бардык экстремисттерге каршы чечкиндүү көз карашта болот деп ишенебиз.

Вашингтон ошентип, 1978-жылы башталган Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын ыкчамдатуу боюнча АКШнын дипломатиялык демилгесин улантууну эп көрдү. Соңку 1 жарым жыл ичинде чөлкөмгө 8 ирет каттап, бул жыйынга кам көрүп келаткан Кондолиза Райстын аракеттери кандай майнап берээри азырынча белгисиз. Аннаполиске Израилдин эзелки душманы Сирия тышкы иштер министринин орун басарын жөнөтүүгө макул болгонун эксперттер жакшы жылыш катары баалашты. 40тан ашуун өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү катыша турган конференцияга Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Израилдин премьери Эхуд Ольмерт катышып, Жорж Буштан кийин сөз алып сүйлөшөт. Палестинанын болочок статусу, талаштуу Иерусалим жана башка аймактар тагдыры өңдүү маселелерди ачык талкуулап, кызматташууга эки жетекчинин жөндөмү жетиштүү деп эсептешет эксперттер. Бирок кызматташуудан сырткары чыныгы чечкиндүү жылыш жасай аларына ишенгендер аз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG