Чыгыш Европалык адистер бул жыйында жарыялаган маалыматтарга ылайык, коммунисттердин жашыруун кызматтары Ватиканда тыңчылык кызматын кыйла өнүктүргөн экен. Мурдагы Советтер Союзунун мамлекеттик коопсуздук комитети, же КГБнын Европадагы ишмердигине айрыкча Польша менен Мажарстандын жашыруун кызматтары катуу жардам көрсөткөн. Италиянын Болонья университетинин илимпозу Стефано Боттонинин айтымында, Чыгыш Европалык коопсуздук кызматтарынын Ватикандын ишмердигине аралашуусу 1960-жылдары башталган.
- Дал ошол жылдары Рим папасы Пол VI Popularum Progresio деген маанилүү документке кол коюп, анда католик чиркөөсүнүн замандын талаптарына жараша иш алып баруусу, социалдык, колониялык маселелер камтылган. Ватикандын Чыгыш Европадагы саясатын аныктаган ал документти КГБ, Москва идеологиялык согуштун жемиштүү бөлүгү катары пайдаланган.
Ал идеологиялык согуштун максаты – Ватиканды Советтер Союзу, анын Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүнө жакындатып, коммунисттердин тышкы саясатын социалдык багыттагы, антиколониалдык саясат катары таанытып, ага Батыштын колониалдык, империалисттик саясатын карама-каршы койдуруу эле. Ошол жылдары Мажарстандын чалгындоо кызматы Римде тыңчылар торун кеңейтип, Ватиканда иштеген кызматчылар, Италиялык журналист, саясатчыларды жалдап алган. Италиялык илимпоз Боттонинин маалыматы боюнча, 1970-жылдары Римдеги Мажарстандык 20 дипломаттын 7си жашыруун кызматтын өкүлдөрү болгон, аларга Ватикандын ишмердигине тиешеси бар динаятчылар менен илимпоздор маалымат берип турган.
Варшавадагы Улуттук эскерүү институтунда иштеген Владыслав Булхак Польшанын коопсуздук кызматы 1958-жылы эле Ватикандагы ар бир динаятчы тууралуу ар тараптуу маалымат топтогонун айтат.
- Күн сайын ар бир динаятчы жөнүндө кабар топтолуп турган. Айрыкча, алкоголдук ичимдик, аялдарга байланыштуу бирдеме чыгат эмеспи. Ар бир динаятчынын артынан аңдып, ага каршы маалымат топтошкон. Натыйжада Ватикандагы дээрлик бардык динаятчылар жашыруун кызматтары менен иштешүү “сунушу” түшүп, алардын 10-15 пайызы тыңчылык кылууга мажбур болгон.
Словакиянын борборунда өткөн жыйында маалым болгондой, советтик КГБ ошентип 1960-70-жылдары Ватикандын ишмердигине бир топ таасир этип, атүгүл шайлоого да аралашкан учурлары болгон. Москванын католиктердин башкы чордонундагы жашыруун аракеттери Польшада төрөлгөн Карол Войтыла, же Жон Пол II Рим папасы болуп шайлангандан кийин жоюлган. Архивдеги материалдар Польша менен Мажарстандын жашыруун кызматтары болочок Папанын антикоммунисттик саясий көз карашы тууралуу бай маалымат топтогонун, бирок негедир аны шайлоодо өткөрбөө планы ишке ашпай калганын айгинелейт.