Россия көрүп жаткан чаралар Россияда жашап жаткан этник грузиндердерге залакасын тийгизүүдө. Сиз буга эмне дээр элеңиз, деген суроого Дэвис буларды айтты:
"Баса белгилей кетүү керек, эгерде жарандар Россияда мыйзамсыз түрдө жашап жаткан болсо, Россия аларды өлкөдөн чыгарып жиберүүгө толук укуктуу.Мындай окуялар баардык мамлекеттерде боло жүргөн нерсе. Мисалы, Британияда мыйзамсыз жашап аткан адамды бийликтер чыгарып салышат, мында сынга ала турган нерсе жок. Бирок мен балдар мектепке киргизилбей койгон учурларга тынчсызданып олтурам, алгачында Грузияда орун алган мындай учурлар Россияда дагы кайталанууда. Бул менимче чоң катачылык. Россияда легалдуу түрдө иштеп жаткан адамдарга Грузиядагы туугандарына акча жиберүүгө тыйуу салынып олтурат, эки өкмөттүн ортосундагы пикир келишпестиктерден жөнөкөй жарандар жабыркап атат, муну да туура көрбөйм",- деди Еврокеңештин баш катчысы Терри Дэвис.
Терри Дэвис Россияда жашап жаткан теги грузин жарандардын аты грузин болгону үчүн гана куугунтукка алынып жатканын сынга алып, ошол эле убакта басма сөз булактарына эле эмес, конкреттүү фактыларга таянгысы келип жатканын кошумчалады.
Грузияга карата Россия тарабынан көрүлүп жаткан санкцияларга токтолуп, Дэвис Еврокеңештин мүчөлөрү болгонуна карабастан өлкөлөрдүн ортосунда мындай санкциялар боло жүргөн нерсе экенин белгилеп өттү. Мисалы деди ал, Армения Түркиянын санкциялык аракеттерине арызданганы бар. Мени мындай окуялар камтама кылат, бирок туура түшүнүңүз, Россия менен Грузия, Түркия менен Армения суверендүү өлкөлөр, алардын көз карандысыздыгы Еврокеңеш тарабынан тескелбейт, деди Дэвис. Еврокеңеш Евробиримдиги сыяктуу өлкөлөр ортосундагы интеграция менен биригүү процессине тийешеси жок. Еврокеңеш бул көз карандысыз өлкөлөрдүн Европанын Адам Укуктары боюнча Сотуна баш ийүүгө ниеттенген өлкөлөрдүн бирикмеси. Эгерде Грузия Адам укуктары боюнча Европа Конвенциясында каралган маселелер боюнча арызы бар болсо, ал Европа сотуна кайрыла алат. Бирок сот укук маселесин гана карайт, саясатка аралашпайт. Ал эми Грузия менен Россиянын ортосундагы жагдайды мен саясат менен байланыштырам, деди Еврокеңештин баш катчысы.
Кабарчыбыздын козголоңчул Түштүк Осетияда12- ноябрга пландаштырылган референдум тууралуу суроосуна катчы мындай жооп кайтарды:
"Бул убакытты текке кетирген аракет болот. Эгерде мисалы Косово өткөрүлө турган референдумдун натыйжасында көз карандысыз өлкө болуп калса, бул Түштүк Осетия, Абхазия, Днестр Бою, Түндүк Кипр,Түркиянын күрттөр жашаган региондору жэ Россиянын курамындагы Чеченстан үчүн прецедент болбошу керек. Мен биздин уюмга мүчө өлкөлөрдүн, анын катарында, Россия менен Грузиянын территориалдык бүтүндүгү сакталаарына ишенем. Түштүк Осетия - Грузиянын бир бөлүгү",- деди Еврокеңештин катчысы Терри Дэвис.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары