Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

ИРАК: ЖЕҢГЕН БЛОКТОР ШЕРИККЕ МУКТАЖ


Шийилердин «Бирдиктүү Ирак альянсы» деп аталган блогу өлкөнүн жаңы Улуттук жыйынынын көпчүлүк орунуна ээ болгону маалым болду. Бирок 30-январдагы парламенттик шайлоодогу жеңиш бул ынтымакка анча-мынча добуштук артыкчылыкты гана бергендиктен, алдыга озуп чыккан блоктор башка да саясий шерикти табууга аргасыз болмокчу.

Ирактагы 30-январдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жергиликтүү саясатчылар жогору баалашууда. Алардын айтымында, эми өлкө көп партиялуу демократиялык өнүгүү нугуна ишенимдүү адым таштады.

Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Муваффак ар-Рубайи (Mowaffaq al-Rubaie) жекшембиде кабарчыларга кайрылып, шайлоо жыйынтыгы чынында да өлкөдө саясий атаандаштык камсыз кылынганын көрсөтөөрүн айтты:

- Бул – Ирак тарыхындагы өрнөк болчу бурулуш окуя. Улутубуздун тарыхында алгачкы жолу ирак эли өз добушун ээн-эркин берди. Мында саясий атаандашуу да болду. Бул – эркин, адилет жана нукура шайлоо болду.

Шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, шийилердин көрүнүктүү диниятчысы айатолла Али ас-Систани колдогон «Бирдиктүү Ирак альянсы» деп аталган блок добуштардын 48 пайыздайын алып, Улуттук жыйындын 140тай орунуна жетишти.

275 орундуу парламентте көбүрөөк орун алган экинчи партия – күрттөрдүн бирдиктүү блогу болду. Алар добуштардын 26 пайызын алды.

Убактылуу өкмөт башчысы Айад (Айяд) Алавини колдогон тарапкерлер 13.8 пайыз добуш алып, үчүнчү орунда келди.

Бул натыйжа кошумча иликтөөнүн жүрүшүндө анча-мынча гана өзгөрүшү мүмкүн. Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы бир нече күндөн кийин парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыяламакчы.

Болочокку парламентте президентти жана анын эки орун басарын шайлоо сыяктуу маселелер добуштардын үчтөн экисин талап кылат, дал ушундай жагдайлар алдыга чыгып келген партияларды башка атаандашы менен шерик болууга аргасыз кылаары шексиз.

Деги, алдыга суурулуп чыккан "Бирдиктүү Ирак альянсы" кайсы саясий топту өзүнө шерик кылышы ыктымал?

«Дижла үналгысынын» мүдүрү Ахмед ар-Рикаби (Ahmad al-Rikaby) мырзанын айтымында, бул блок Айад Алавинин саясий блогу менен ымала түзүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Маселен, ар-Рикаби мырза дини боюнча шийилерден болгон, бирок өзү секулярдык түзүлүштү жактаган саясатчы Алавини күрттөр жакында өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышканын эскерип, көбүрөөк орунга ээ болгон шийилер менен күрттөрдүн блокторунун ортосундагы Алави үчүн күрөш дагы да алдыда экенин айтат. Дагы бир жагдай – бул саясий топтордун баары бир кезде Саддам Хусейндин режимине каршы чогуу күрөшкөндүгү, дейт ар-Рикаби:

- Биз азыр күбө болуп турган саясий топтордун баары бир кезде ирактык оппозициянын бөлүгүнөн болчу. Алар бири-бири менен көптөгөн жылдар бою мамиле түзүп келишкен, бири-бирин дурус билишет.

Ар-Рикавинин оюнча, ортодо келип чыккан айрым келишпестиктерге карабастан, бул саясий топтор өз ара баарлашуусун эч убакта токтотушкан эмес.

Шайлоо маалында ирактык сунний арабдардын көпчүлүгү добуш берүүгө катышпай койгону айгинеленди. Бир чети, алар өз жанынын коопсуздугунан чочуласа, экинчи чети, айрым сунний жолбашчылардын шайлоого бойкот жарыялоо чакырыгына көнүп беришкен.

Эми ирактык жетекчилер суннийлердин өкүлдөрүн да өлкөнү башкаруу жараянына жигердүү катыштыруу керек деген ниетин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG