Ошто өткөн иш-чаралардын биринде хижабчан кыздар бетине чейин чүмкөнүп отурганы кызуу талкууланууда.
Кыргызстанда “Табарак” диний кайрымдуулук фонддун башчысы, Кувейттин жараны Абдулла Фалех Жабирге түспөлдөш адамдын акчага кыздар менен убактылуу нике кыюу тууралуу сүйлөшкөн аудиотасмасы жарыяланды.
Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.
Кыргыз коомчулугун диний көз караштарына байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетип, согуш оту күйүп жаткан жерге барган жарандардын, анын ичинде бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн көбөйүп жатышы бейпайга салган көрүнүш болууда.
Исламдын жихад түшүнүгү же болбосо эмне үчүн мусулмандар колуна курал эмес, калем алуусу керек?
Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.
Бүгүн ажы сапарына барууну каалагандарды каттоонун акыркы күнү. Кечки саат алтыга чейин жарандар катталса болот. Буга чейин муфтият ажылыкка каттоону 17-майдан 20-майга чейин узарткан. Быйылкы ажылык сапарга аттанчулар РСК банкына кайтарымсыз 500 сом төлөп каттоодон өтүшү абзел.
Нарын шаарындагы медресе жаңыланып кеңейүүдө. Буга аймакта ислам дининен тереңдетип окууга умтулган мектеп окуучуларынын талабы күч алганы себеп болгон. Келерки окуу жылынан тарта медреседе секулярдык билим берүү киргизилет.
Кыргызстандагы диний билим берүүнүн абалы тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылып келет. Бирок бул тармакта алгылыктуу жылыштар да бар экенин унутпоо керек.
Кыргызстанда өздөрүн Мухаммед пайгамбардын урук-тукумунанбыз, пайгамбардан тараганбыз деген уруулар бар. Сейиттер, кожолор жана төрөлөр деген ат менен таанымал бул улуттун мүчөлөрү өзгөчө түштүк тарапта көп экендиги айтылып келет.
Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин учурда “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт.
Дагы жүктөңүз