Өткөн жумада Ички иштер министрлигинин терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү оперативдик маалыматтардын негизинде жыйырмадан ашык үйдү тинтти.
Жалал-Абадда өткөн илимий иш-чарада мамлекеттик гимн ойнолуп жатканда медреседе билим алган жоолукчан кыздардын турбай койгону коомдо бүйүр кызыткан талкууга айланды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда жума күнү жума намазды шашпай окуу үчүн түшкү эс алуу убактысын эки саатка чейин узартуу демилгесин көтөрүүдө.
Жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушу азыркы учурда кыргыз парламентинде кызуу талкууланууда. "Азаттык" бул тууралуу элдин пикирин сурады.
Жума күнкү түшкү тыныгууну 12-30дан 14-30га чейин узартуу боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалды. Аталган демилгени сындагандар Кыргызстан светтик өлкө экенин баса белгилешүүдө.
XVII кылымда өткөн перс художниги Мухаммед Заман ислам художниктеринен биринчи болуп европалык художниктеринин сүрөт тартуу техникасын пайдаланган. Ал Персияда биринчилерден болуп май боёк менен да сүрөт тарткан. Ислам дини адамдын сүрөтүн тартууга уруксат береби?
Кыргызстанда ажылык зыяратка баруучуларды 11-апрелден тарта каттоо башталат. Зыяратчыларды каттоо тартиби, быйылкы жылдагы өзгөчөлүктөр, Сауд Арабия бөлүп берген квота тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” маек берди.
Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында хижаб кийген кыздар арбын. Эми алардын ата-энелери мектепте кыздар менен балдар бөлүнүп окушун талап кылууда. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан мындай талаптар жүйөсүз деп түшүндүрүүдө билим берүү тармагынын адистери.
Кыргызстандан согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракка кеткендердин 135и балдар экени белгилүү болду. Жогорку Кеңеште экстремисттик-террордук иш-аракеттерге аралашкан жеткинчектерди да жоопко тартуу сунушталууда.
Каным Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпиону. Ал дин менен спортту тең алып жүрүү мүмкүн экендигин далилдеп, хижабчан кыздар тууралуу стереотиптерди жоюп келет.
Кыргызстанда эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде мектеп куруп, кайрымдулук фонддорун түптөп, массалык маалымат каражаттарын негиздеген "Нуржулар" кыймылы - Фетхуллах Гүлендин жамааты жөнүндө ар кыл сөздөр айтылып келет.
Казакстанда “Таблиги жамаат” уюмунун лидери аталган жаран менен анын эки санаалашы абакка кесилди. Соттолуучулардын жакындары мындай чечимге нааразы.
Дагы жүктөңүз