Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим суратты.
14-октябрда Ала-Бука районунда көзү өткөн 76 жаштагы байбиченин сөөгүн жерге берүү чуусу боюнча соттук териштирүү 22-декабрга белгиленди. Райондун имамы Шумкарбек Чыналиев эки ай мурунку окуя боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.
Мечиттерде кийимин же баалуу буюмдарын уурдаткандар көбөйдү.
Акыркы учурларда мечиттерде бут кийимдерин же сырткы күрмөлөрү менен кошо баалуу буюмдарын уурдаткан мусулмандар көбөйдү. Келгендер намазга болгон дити менен кирип кеткен соң, колу туткактар абалдан пайдаланышат.
Немис канцлери Германияда паранжыга жарым-жартылай тыюу салууга чакырды.
Кыргызстандын президенти жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Ошто 33 жаштагы аялга ИМдин ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголду.
Кыргыз коомунда динчилдер менен исламдашууга каршы тараптардын идеологиялык күрөшү пайда болуудабы?
Айрым райондордун кире беришинде "Лаа илааха иллаллоху Мухаммадур Расулуллох" деген сөздөр талкууга түштү.
Бишкекте студенттер менен 28 жаштагы жарандын мушташы соцтармактарда диний өңүттөгү талкууну күчөттү.
Мусулман эмес адам көз жумганда аны кайсы мүрзөгө коюу маселеси Кыргызстанда 20 жылдан бери талкууланып келет. Өзгөчө өткөн айда Жалал-Абадда жана Ысык Көлдө баптист делген адамдарды жерге берүү маселеси чоң талаш-тартышка себеп болду.
“Азаттыктын” 2+1 форматындагы кезектеги маегинде түрдүү диндер менен ишенимдер жана алардагы көйгөйлөр, чыгуу себептери, кесепеттери тууралуу сөз болду. Суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев жооп берди.
Дагы жүктөңүз