Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.
“Азаттыктын” 2+1 форматындагы кезектеги маегинде түрдүү диндер менен ишенимдер, алардагы көйгөйлөр, андан чыгуу жолдору жана кесепеттери тууралуу сөз болду. Суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев жооп берди.
Чаткал районунда тоо башында жайгашкан байыркы кылымдарга таандык Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү орто азияда ыйык зыярат кылуучу жайлардын катарына кирет. Анткени пайгамбардын ыйык күмбөзүнө Кыргызстандан гана эмес, бүткүл Орто Азия, Казакстандан, башка да мусулман өлкөлөрүнөн адамдар зыяратка келишет.
Ислам дини Кыргызстанда ар түрдүү улуттардын башын бириктире алабы? Кыргызстанда 80ге жакын улут жашайт. Ал улуттардын көпчүлүгү мусулман динин тутунат, бирок эмне үчүн алар исламдын айланасында бириге албай жатышат?
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында христианчылыктын баптист багытын тутунган 57 жаштагы маркум аялдын сөөгүн мусулмандар көрүстөнүнө коюлушуна жергиликтүү эл каршы чыккан. Кечээ күнү маркумдун жакындары менен имамдар сүйлөшүп, бирок жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышпай калгандыктан сөөк жаш
Теплоключенка айылында баптист аялдын сөөгүн мусулмандар көрүстөнүнө коюуга жергиликтүү эл каршы чыгып, бүгүн кеңешип башка көрүстөндөн жер табылды.
Теплоключенка айылынын христианчылыктын баптист багытын тутунган тургунун жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө ошол жерде жашагандар каршы чыкты.
Нарын шаарында Агахан өнүктүрүү фонду курган Борбор Азия университетинин расмий ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Исмаилиттердин башчысы ханзада Агахан IV катышты.
Ала-Букада башка динге өткөн деп айтылып жаткан кемпирдин сөөгү үчүнчү ирет жашыруун жерге берилди. Райондогу айрым тургундар маркумдун сөөгүн христиан мүрзөсүнө коюлушуна каршы болуп, сөөктү кабырдан чыгарып салышкан. Мындан кийин район бийлиги кеңешип сөөктү башка жерге жашырышты.
Ала-Букада башка динге өткөн деп айтылып жаткан кемпирдин сөөгү үчүнчү ирет жашыруун жерге берилди.
Ала-Букада христианчылыктын баптист багытын тутунган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жергиликтүү тургундар экинчи жолу мүрзөсүнөн казып, чыгарып салды.
Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшту.
Дагы жүктөңүз