Өзбекстандын борбору - Ташкенттеги "Малика базары" деген ат менен белгилүү электроника товарлары сатылган соода жайында узун сакал койгондорго каршы кезектеги рейд жүрүп жатканы кабарланды.
1-февралдан тартып Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР) бул аймактагы мусулмандардын жүрүм-турумун көзөмөлгө ала турган атайын жобо иштей баштайт.
Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин жетекчиси милицияга пара берүүгө айыпталып кармалды. Мунун алдында бала бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды өтүп жатканы тартылган тасма интернетке тараган.
Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Бир ай мурда Таласта зомбулукка каршы тынч жөө жүрүштөр өткөн. Быйыл жыл башынан бери облуста үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 200гө жакын аял милицияга кайрылган.
Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий таасирин арттырган?
Кыргызстанда паранжы кийип, узун сакал коюууга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Израил армиясы Аш-Шифада ХАМАС радикал тобунун согушкерлерине каршы операциясын баштады. Миңдеген киши турган ооруканада абал адам чыдагыс экени кабарланды. Донецк облусу ракета чабуулуна кабылды.
Израил армиясы Газа шаарын толук курчоого алды, тилкенин түндүк жана түштүгү иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. Төө-Ашууда өрттөн жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да көз жумду. Орус армиясы өткөн түнү Украинага чабуулун улантып, Одессада сегиз киши жараат алып, бешөө ооруканага түштү.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү 1-ноябрдан тарта мыйзамсыз жүргөн ондогон оогандыкты кармап, мекенине депортациялай баштады. Исламабаддын маалыматына караганда, рейд каттоодон өтпөгөн мигранттарга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү. Бирок бул чара негизинен 2 миллиондой ооган мигрантына каршы багытталган.
Дагы жүктөңүз