Ооганстанда талибдердин бийликке келгенине 15-августта туура эки жыл болду. Бул убакыт аралыгында кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Калктын басымдуу бөлүгү ачка.
Ош облусунда жана Ош шаарында 60тай мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылды. Өлкө түштүгүндөгү диний жайлардын жабылышын кубаттагандар да, сындагандар да бар.
Грузиянын Орусия менен чектеш аймагында Шорохи деген айыл бар. Бул айылды теги дагестандык аварлар байырлайт. Алардын басымдуу бөлүгү мусулмандар. "Биз жана дүйнө" программасы бул жолу Шорохи айылындагы турмушту көрсөтүп берет.
Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринин кайрылуусун Ички иштер министрлиги түзгөн комиссия текшере баштады. 28-июлда Ош шаарында алтымыштан ашуун жол кайгуул кызматкери акцияга чыгып, жетекчиси Айбек Жумагуловду иштен алууну талап кылышкан.
Алматы облусунда жашаган Билал Рахим Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган агасы Гусман Рахимулы 2023-жылы жазда камакка алынганын айтууда. Гусман мурда айылда имам болуп иштеген, анын үйүнөн куран табылганы үчүн бийлик кармап кеткен.
Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети түзгөн атайын комиссия аныктады.
Парламент жайкы эс алууга кетер алдында 50дөн ашык мыйзам жана токтом долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алды. Арасында талаштуу документтер да шашылыш өткөрүлдү. Армения менен Азербайжандын министрлери Вашингтондо тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүп жаткан маалда, Тоолуу Карабакта атышуу болду.
Бүгүн, 28-июнда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык Айт намазы окулду. Эл эң көп чогулган Айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде намазга болжол менен 50 миңдей киши чогулду.
25-майга караган түнү Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун желегин илип кетишкен. Бул чуулгандуу коуя боюнча кыздар кармалып, сурак берип жатат. Ошондой эле алар мектептин дубалдарына күмөндүү сөздөр жазылганы боюнча да шектелүүдө.
Дагы жүктөңүз