25-майга караган түнү Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун желегин илип кетишкен. Бул чуулгандуу коуя боюнча кыздар кармалып, сурак берип жатат. Ошондой эле алар мектептин дубалдарына күмөндүү сөздөр жазылганы боюнча да шектелүүдө.
Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюмдун Ирак, Сирияда аман калган жоокерлери, миңдеген жесирлери менен балдарынын тагдыры эмне болду?
Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда.
Ирандагы аялдардын хижабын чечүү жана чачын кыркуу менен коштолгон каршылыгынын түпкүрүндө эмне жатат жана мындай козголоңго алып келген басымдын натыйжасы кандай болот? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул темада кеп курат.
Дагы жүктөңүз