Бишкек шаардык соту 20 күн мурда чогуу кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, 13-мартка чейин абакта калтырды. Бишкек шаардык сотунун судьялары журналисттерди "камакка алуу мыйзамдуу жана чечим күчүндө калтырылсын" деген коендой окшош чечимдерди окуду.
Ош шаарында медиа өкүлдөрү жана юристтер “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, мыйзамга камтамачылыгын билдирди.
Көз карандысыз медианын 11 кызматкеринин жапырт эки айга камалганы Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин болгон эмес. "Азаттык" камалган журналисттердин жакындарына кезигип, алардын ой-пикирин билди.
Кыйноолордун алдын алуу борбору 16-январда кармалган 11 журналист алигүнчө милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушканын бүгүн да билдирди.
23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Бул бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачат.
Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, 2023-жылы дүйнөдө түрмөгө камалган журналисттердин саны кескин өстү. Беларус, Орусия сыяктуу мамлекеттер көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу үчүн “экстремизм” жана “мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкты” деген сыяктуу мыйзамдарды колдонгон.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган айрым саясатчылар жакындарына басым күчөгөнүн айтып чыгышты.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады. Алардын маселеси парламенттин жалпы жыйынында көтөрүлдү.
Кыргызстанда журналисттердин үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жапырт суракка алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар муну “эркин басма сөзгө басым”, кээлери “журналисттерди коркутуу” деп атап жатышат.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган Болот Темиров менен байланышып, соңку кармоолор боюнча маалымат алды. Бул маек саат 9:30да жазылган. Андан кийин “Темиров LIVE” редакциясы менен байланышы бар Жоодар Бузумов, Айке Бейшекеева да кармалганы, жалпысынан 10 киши ИИМге жеткирилгени айтылды.
Дагы жүктөңүз