Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Дагы бир кишинин психиатриялык ооруканадагы "күчтөп дарылануу" мөөнөтү узарды. Ал өзү куландан соо экенин айтууда.
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке келип түштү. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамда журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.
Президент Садыр Жапаровдун быйыл дагы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрбөй турганы медиа чөйрөнүн талкуусун жаратты.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Бектур Асановдун абалы оорлошуп, дарыланууга муктаж экени кабарланды. Анын жактоочулары эки жума мурун абактан жыгылып кетип, моюн омурткалары жабыркаганын айтышууда.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп келаткан “Умтулуу-2023” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 15-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакка быйыл жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Өткөн апта аягында мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүнө каршы Бишкектин Горький аянтында митинг өттү. Ага чейин тынч акция өткөрүү демилгесин көтөргөн жарандык активист Афтандил Жоробеков камалды. Бүгүн Конституцияда бекитилген жарандардын тынч чогулуу укуктары тууралуу талкуулайбыз.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп, же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты. Акцияда тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу талабы дагы айтылды.
Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист суракка чакырылган.
Дагы жүктөңүз