Ички иштер министрлиги (ИИМ) камакка алынган журналисттерди суракка ала баштады. Мунун алдында учурда тергөө абагында отурган кабарчы Сайпидин Султаналиев тергөөчүлөр аны бир айдан ашык суракка чакырбаганын билдирген.
Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.
Бишкекте 11 журналист кармалып, камакта жатканына туура бир ай болду.
14-февралда Бишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Брюсселдин атайын чабарманы Томас Никлассон "Талибандын" башкаруусундагы Ооганстандагы кырдаал жана Борбор Азиянын ролу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин колдоосун тапкан жок. Жыйынга катышкан алты депутаттын үчөө "макул", үчөө "каршы" добуш берди.
12-февраль белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Бул күндү утурлай анын айылында журналистти эскерүү иш-чарасы өттү.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган. 9-февралдагы жараян кечке чейин уланып, сот чечими кечки саат 21:00гө барып чыкты.
Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.
Абактагы активист Афтандил Жоробековдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнү белгилүү болду. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына үч айга чукулдап калды. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
6-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен алынды. Буга чейин документти эки комитет колдогон. Ал арада Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24.kg агенттигинин кеңсесин ачып берүү жөнүндө өтүнүчүн карап, четке какты.
Дагы жүктөңүз