Өткөн аптада эркин күрөш боюнча Орусиядагы эл аралык "Иван Ярыгин-2017" гран-при мелдешинде Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду. Ал эми эрежесиз UFC мушташында Валентина Шевченко венесуэлалык атаандашын жеңип чемпиондук курга жакындады. Айсулуу Тыныбекова жана Валентина Шевченко тууралуу кызык
Нарын районунун Кеңеш айылында хоккей ышкыбоздордун саны күн санап өсүп жатат. Айылдын жашынан карысына чейин сергек жашоого үндөп, хоккейге шыктандырган жергиликтүү хоккей сүйүүчүсү - Зарылбек Абдыкаев.
Кыймыл-аракетте болуу бир катар дарттардын алдын алат. Айрыкча дене көнүгүүлөр жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактарын окумуштуулар айтып келет.
Кыргызстанда саламаттыкка алдын ала кам көрүү маданияты калыптанганбы?
Нарында үстү жабылган хоккей аянтчасы ачылды. Эл аралык стандартка жооп берет деген бул спорт комплексин нарындык жеке ишкер өз каражатына - 600 миң долларга курган. Мындай жайдын ачылышына тоолуктар жетине албай сүйүнүп турушат.
Допинг чырынан кийин WADA Орусияны эл аралык мелдештерден четтетүүнү талап кылды.
Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жаштары бош убактысын гимнастика залында өткөрөт. Бул жайдын ачылышына себепкер болгон Кулжакүл Койчубекованын айтымында, алгач айыл эли кандай кабыл алат деген кооптонуу болгон. Учурда алардын башкы максаты шаардык мелдештерге окуучуларын алып чыгуу.
Кардын калың жаашы нарындыктар үчүн өзгөчө майрам болду. Анткени шаардын четинде жайгашкан, бугильдик аркан жолу ишке кирип, жергиликтүүлөрдү тейлей баштады. Кышкы спорттун түрлөрү болгон лыжа, чана тебүү үчүн бул жерге чет элдик туристтер келбесе да облустун ар бурчунан атайын келген эс алуучулар ү
Спорттогу алешемдиктер эки жетекчини кайым айтыштырды.
"Азаттык" 2016-жылдагы спорттогу жетишкендиктерге, өксүктөргө жана анын себептерине көз чаптырды.
2016-жылы дүйнөдө жана Кыргызстанда спорт тармагында бир катар орчундуу окуялар болуп өттү. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында ХХХI жайкы Олимп оюндары өтсө, ага улай эле Ысык-Көл жээгинде Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп, анда 62 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашты.
Кыргызстан Олимп оюндарына карата мамилени түп тамырынан өзгөртөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов "Азаттыктын" 2+1 форматындагы эксклюзив маегинде билдирди. Маек учурунда Аманкулов агенттиктеги уюштуруучулук жана каржылык алешемд
Дагы жүктөңүз