Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси Айпери Медет кызы алдыга койгон максаттары менен бөлүштү.
Кыргызстан менен Мьянманын Бишкектеги футболдук беттеши коопсуздукка байланыштуу өтпөй калды.
Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата Ысык-Көлдүн Чолпон -Ата шаарындагы ат майданда беш күндөн бери өтүп жаткан “Манас оюндары- 2017” улуттук ат оюндары көк бөрү менен жыйынтыкталды. Көк бөрүчүлөр президенттин кубогу үчүн да ат салышты.
Көк бөрү боюнча Астанада өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекке кайтып келди. Бирок күйөрмандар күткөндөй баш байгени уткан жок. Команданын мүчөлөрү анын себептери тууралуу маалымат жыйында жарыя кылышты.
Астанада өткөн көкпар (көк бөрү) боюнча биринчи дүйнө чемпионатында Казакстандын улакчылары алтын байгени илип кетти.
Казакстан бир жыл мурун ири эсепте утулганына өч алса, Кыргызстандын күйөрмандары өз командасынын утулганына башка себептер бар деп жатышат.
“Казанат” атмайданында болгон финалдык таймашта Казакстандын командасы 4:1 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрүн жеңип алды.
Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынса, жөө күлүк Маслова Универсиадада жеңүүчү аталды.
Астанада өтүп жаткан көк пар (көк-бөрү) боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын улуттук курамы финалга жолдомо алды. Бүгүн кыргыз улакчылары тажиктерди ири эсеп менен уткан соң, өз тайпасында биринчи орунду ишеничтүү камсыздады.
Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук курама командарынын беттешине көрүүчүлөр кирбейт.
Көк бөрү федерациясынын өкүлү Ж.Саматов менен Астанадагы мелдештер тууралуу маек курду.
Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. "Казанат" ат майданында башталган мелдеште Кыргызстан Монголия менен беттешип, 4:0 эсебинде Кыргызстандын командасы алдыга чыкты. Оюн 20 мүнөттөн эки таймга созулду
Дагы жүктөңүз