Бишкектин «Дордой» футбол клубу 3-апрелде АФК кубогунун алкагында алгачкы тайпалык оюнун баштады.
Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дүйнөлүк атайын олимпиадада кыргызстандык спортчу кыздар алтын медаль тагынды. Алар бадминтон боюнча мелдешке чыгышкан. Бишкектеги атайын мектепте окуп жаткан Перизат Жанышбекова жеңишке жеткенине ишене албай турат.
Бишкекте мектеп курагындагы балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдөн кыздар командасы катышуу үчүн келген. Бирок, өлкө боюнча кыздардан түзүлгөн хоккей командасы жоктугунан алар мелдештен тышкары бишкектик команда менен достук беттешин өткөрүштү. "Азаттык"
Кыргызстандын жаш дзюдочулары Польшада өткөн эл аралык мелдеште төрт алтын, үч күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Байге уткан балдардын кичүүсү беште, улуусу 10 жаштан ашкан.
Бишкектеги “Ак-кула” ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү оюндары өттү. Күйөрмандардын негизги көңүлү көкбөрү оюндарынын финалына бөлүндү. Финалда “Ынтымак” жана “Достук” командалары ойношту.
Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.
Анын алкагында Индиядагы диний көп түрдүүлүк, байыркы маданияты менен искусствосу тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарга йога менен машыгуу уюштурулду. Дүйнө элине тараган йоганын философиясы, тарыхы жана сыры тоолуктар үчүн жаңылык болгону менен аны үйрөнүүгө кызыкчылык күчтүү экендиги байкалды
Бишкек шаарында футболчу кыздар өлкөнүн таанымал аялдары менен достук беттештерин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдирди. (Сүрөттөр Футбол федерациясына таандык).
Көкбөрү федерациясы жаңы жетекчини шайлаган соң федерациянын айрым өкүлчүлүктөрүндө нааразылык пайда болду.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия биринчилигиндеги көрсөткөн оюну аймактарда топ тепкендерге дем берди. Баткенде Өзбекстан менен чек арадагы Согмент айылынын жаштары аба ырайынын ысык-суугуна, жолдун алыстыгына карабай райондун борборуна келип, футбол ойношот.
27-февралда Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын кезексиз курултайы өтүп, анда федерациянын учурдагы жетекчиси Жыргалбек Саматовдун ордуна жаңы жетекчи болуп Искендер Кадыркулов шайланды.
24-февралда Москва ипподромунда кыргызстандыктар улак тартышты. Ат жалында ойногон азаматтардын өнөрүн көрүүгө 3,5 миңден ашуун эл топтолду. Көкбөрүнү Москвада Нурбек Курбаналиев уюштурган.
Дагы жүктөңүз