Бишкек шаарында футболчу кыздар өлкөнүн таанымал аялдары менен достук беттештерин өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдирди. (Сүрөттөр Футбол федерациясына таандык).
Атактуу айымдар футбол ойноду
1
Футболчу кыздарга каршы жашыл майсаңга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Ализа Солтонбекова, Кыргызстандын аялдар футболу боюнча Ассоциациясынын президенти Бермет Төлөгөнова, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова, ырчы Гүлнара Тойгонбаева жана бир катар ишкер айымдар чыкты.
2
Аялдардын эл аралык майрамын утурлай Кыргызстандын Футбол федерациясы БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен биргеликте "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль уюштурду.
3
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова футбол боюнча айымдардын курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Үметалиевадан топ талашып жатат.
4
5
6
Футболдук мелдеш Эл аралык аялдар күнүнө жана айымдардын футбол майрамына карата уюштурулган.
7
Бишкек шаарынын мэринин маалымат катчысы Гуля Алманбетова футболдук мелдеште дарбазачынын ролун аткарды.
8
Мелдеш Бишкек шаарындагы "Футбол борборунун" оюн талаасында өттү.
9
10
Мелдешке жалпы 8 команда катышты.
11