Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылы өнүгүүдөн артта калгандай. Кулап калган маданият үйү, авариялык абалдагы медпункт жана тар бөлмөлүү балдар бакчасы айылдын башкы маселеси. Мындан тышкары айылда таза суу көйгөйү да курч турат.
23-февраль, Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулган көкбөрү боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жетти. Алар финалдык беттеште өкмөттүн курама командасы менен беттешти.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө чуркап, сууга сүзүп, фитнеске барып, чыгыштын спорттук түрлөрүн өздөштүрүп жаткан айымдар менен баарлаштык. Алардын пикиринде, аялзаты жашы өйдөлөгөн сайын ден соолугуна кам көрүп турушу керек.
Караколдо лыжа базасына агылган туристтердин саны арбын. Азыр эс алуучулар лыжа, сноуборд тебүү менен гана чектелбестен, кышкы спорттун башка да түрлөрүн үйрөнүп, чер жазып жатышат.
Президент Кыргызстанда жыл сайын жер-жерлерде Көчмөндөр оюндары өткөрүлөрүн жар салды.
Турсунали Рустамов 1990-жылы, Тажикстандын Худжанд облусунун Пролетарский районунда туулган. 1993-жылы ата-энеси менен Кара-Балта шаарына көчүп келишкен. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Учурда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу.
Орусиялык футбол эксперти, «Спорт-экспресс» басылмасынын баяндамачысы Игорь Рабинер Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестининдин иши, негизи эле бул команда тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Жумгал районунда хоккейге кызыгуу күч. Кокус барып калсаңыз көк муштум болгончо муз аянтында жүргөндөрдү көрөсүз. Элеттиктердин мындай жапырт кызыгуусунан улам, Жумгалдын ар бир айылына атайын хоккей борттору коюлуп, хоккей мектептери ачылды.
Жакында эле тузүлгөн “Аламан көкбөрү федерациясы” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Максат Чакиев жаңы уюм тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда ойногондон бери Оштогу Асыл Момунов атындагы Футбол академиясына балдарын жетелеп келген ата-энелер көбөйдү.
14-февралда Астанада Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйынынын чечими чыкты.
Азия кубогунда чейрек финалга жеткен Кыргызстандын курамасында ойногон футболчулар Мустафа Юсупов жана Муролимжон Ахмедов спорттук карьерасын Кадамжайдан башташкан. Бүткүл Союзга белгилүү болгон “Мелиоратор” сыяктуу футбол командасы ойноп, машыккан стадиондо азыр “Исфайрам” футбол клубу жаш жеткинче
Дагы жүктөңүз