Дүйнөгө спорт кийимдери менен таанымал "Найк" фирмасы АКШнын желегинин алгачкы үлгүсүнүн сүрөтү түшүрүлгөн бут кийимдерди сатыкка чыгарбай калды.
27-30-июнь күндөрү Суусамыр жайлоосунда балбан Кааба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленди. Иш-чара маданий-спорттук оюн зооктор менен уланып, анын ичинде балбандар 600 килограммдан ашык ташты көтөрүү боюнча жарышты.
Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке 10 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышты.
Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” уюму уюштурган иш-чарага 100дөн ашык оюнчу катышууда. 26-июнь – Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү.
Кыргызстандын дзюдо жана эркин күрөш боюнча курама командаларында сырттан чакырылган спортчулар арбын. Аларды легионерлер деп аташат.
Велосипедде жүрүү өзүнчө ырахат. Ал ыңгайлуу, ылдам жана ден соолукка пайдалуу. Абаны, айлана-чөйрөнү булгабайт. Автоунааларга салыштырмалуу баасы да арзан, бензинге да акча коротпойсуң.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстанга таандык голдорду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп,
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Азия Кыргызстанга таандык голду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди.
Орусияда тракторлордун жарышы өттү. «Бизон-Трек-Шоу» деп аталган бул турнир Ростов шаарында болду. Талаада иштеп жүргөн кадимки эле тракторлордун жарышына жалгыз аял да катышкан.
11-июнда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат. Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Мындай мүмкүнчүлүктү кыргыз хоккейчилерине Эл аралык хоккей федерациясы тартуулады.
16-19-майда Украинада орто кылымдардагы салгылашуу боюнча эл аралык турнир өттү. Ага миңден ашуун соот-чопкут кийинген катышуучу келип, 30дай өлкөнүн өкүлдөрү орто кылымдардагы Европа салгылашууларынын элесин беришти.
Дагы жүктөңүз