Социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында өкмөт ийгилик жараткан спортчуларга жеткиликтүү көңүл бурбай жатат деген нааразычылык көбөйүүдө.
Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы ушул жылы Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпоо тууралуу чечим кабыл алды.
Үч жыл мурда Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында салмоор таш ыргытуу боюнча дүйнө чемпиону болгон тажик спортчусу Дилшод Назаров кызытмага байланыштуу шек саналууда.
Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында талаштуу деп сөз болуп жаткан спорт аянтчасында эки тараптан чогулган жаштар үчүн футбол таймашы уюштурулду.
26 жаштагы Айсулуу эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун олимпиадалык түрү боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы спортчу. 2020-жылы Токиодо өтчү Олимп оюндарына катышат.
WADA Орусияны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу жалган маалымат берген» деп күнөөлөдү.
Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт мүчөлөрү, Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан.
Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, жеңишке жетти. “Азаттык” шаар туругундарынын бул мелдеш тууралуу микрофон сунуп, куттукттоолорун укту
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.
Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бирок шаардын ат майданындагы курулуш иштери аяктай элек.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн болгон беттеште казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.
Дагы жүктөңүз