UFC мушкери, кыргызстандык Рафаэл Физиев "Азаттык" радиосуна маек куруп, Кыргызстандагы кырдаал, алдыдагы беттештери тууралуу кеп кылды.
Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө чемпионатында алтын байгенин ээси болушту.
Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө кубогунда алтын жана коло медалдарды алышты.
Кыргызстандыктар жасаган фитнес-тиркеме 5 миллион доллар турат. Жакында эле инвесторлордон аны каржылоо сунушу түштү. Тиркеменин авторлору видеосабактагы көнүгүүлөрдү хиджабчан айымдар аткаргандыктан, шариятка каршы келбесин айтышууда.
«Алай» футбол клубунун эки оюнчусу COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.
Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 400 чакырым аралыкты беш күндө чуркап өттү. Ал сапарын 19-июнь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап, 24-июнда Бишкекке келди.
Оштогу "Алай" футбол клубунун оюнчулары жетекчиликке нааразылык билдирип чыгышты.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджетин дээрлик 70 пайызга азайтуу маселеси каралууда.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионат дагы өтпөй калды. Былтыркы чемпионатта күмүш медал тагынган казакстандык спортчу, кыргыздын жээни Элизабет Турсынбаева башкалардай эле карантинде.
Кыргызстанда өзгөчө абал киргенине байланыштуу коомдук жайлар менен катар спорттук залдар, стадиондор убактылуу ишин токтотту. Ушул жылдын июль айына белгиленген Олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды.
Дагы жүктөңүз