Ош шаарынын тургуну, 62 жаштагы Мамасалы Ташматов Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө бир нече ирет марафондо чуркап, баш байгелерге ээ болгон. Анын үй-бүлөсү да чуркоону адатка айландырышкан. Алар сергек жашоо менен ден соолуктун маңызы спортто экенин белгилешет.
Даниялык футболчу айым Пернилле Хардер «Челси» кыз-келиндер футбол клубу менен келишим түздү. Анын германиялык «Вольфсбург» клубунан англиялык «Челсиге» өтүшү 350 миң еврого бааланган жана бул футбол тарыхындагы аялдар арасындагы эң кымбат трансфер болуп калды.
Кочкор районунда ММА жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш уюштурулду. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган кезде мелдештин өткөнү талкуу жаратууда.
Кыргызстандын мыкты футболчусу, Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык болду.
«Барселона» футбол клубунун атактуу чабуулчусу Лионел Месси клубдан кетерин билдирди. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги шейшемби күнү клубдун жетекчилигине шилтеме кылып жазып чыкты.
Бишкекте «Workout Open Fest - 2020» деген аталышта көчө гимнастикасы боюнча мелдеш өттү. Бул баш калаада карантин чаралары жумшартылгандан кийинки ачык асман алдында өткөн алгачкы мелдештердин бири.
Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы тууралуу маалымат берилди.
Кыргызстандык балбан кыздары карантинде айылга барып, талаада машыгууга муктаж болушту. Элетте атайын шарт жана спортко керектүү шаймандар жок болгондуктан кыздар таш көтөрүп чуркап, балка менен дөңгөлөк чаап машыгып жаткан учуру. Соңку жылдары кыздар арасында күрөшкө кызыккандар көбөйдү. Машыктыруу
Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августта, дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантты. Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.
Пандемия кризисинен улам футбол тармагындагы чыгымдарды жабуу жана улуттук федерацияларды колдоо максатында Эл аралык футбол федерациясы 1,5 млрд. доллар бөлөт.
Мындан 40 жыл мурун Москвада өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медалдын ээси болгон Сатымкул Жуманазаров тирүү болсо быйыл 69 жашка чыкмак.
Мындан 40 жыл мурда ошол кездеги СССРдин баш калаасы Москвада 22-Жайкы Олимпиада өткөн. Ал оюндар тарыхта эң саясатташкан спорттук иш-чаралардын бири болуп калды.
Дагы жүктөңүз