Спортчулар криминалдын ордун басууга аракет кылып жатканы айтылууда.
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда эки алтын, бир коло байге утуп алды.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды.
Каракол шаарындагы спорт мектеби тоо чаңгысына (лыжа) кызыккан өспүрүмдөрдү бекер машыгууга чакырууда. Азыр бул мектепте 150 бала машыгып жатат. Биз мектептин машыктыруучусу Вадим Караульныхты кепке тарттык.
Александр Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетин “банда” деп атады. Анын алдында Беларустун Улуттук Олимпиада комитетин да жетектеген Лукашенкого Эл аралык комитет өткөргөн иш-чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катышууга убактылуу тыюу салынган.
Эл аралык олимпиадалык комитет Лукашенкого жана Беларустун бир катар спорт төбөлдөрүнө өлкөдөгү спортчуларга жана башка жарандарга карата кысымдары үчүн Олимпия оюндарына катышууга тыюу салды.
Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 58 жашта болчу.
Даңазалуу футболчу Виктор Понедельник 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ростов-на-Дону шаарында жерге берилмекчи.
24-28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өттү. Анын жыйынтыгына карап Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.
Дагы жүктөңүз