Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргоп калды.
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова 4-8-ноябрь күндөрү Польшада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын байгеге ээ болушту.
Пандемияга байланыштуу бир катар эл аралык мелдештер өтпөй, Олимпиада оюндары кийинки жылга калды. Эл аралык күрөш федерациясы дүйнө чемпионаты 12-декабрда өтөөрүн кабарлаган.
Ысык-Көл облусунда ушул тапта күрөш боюнча курама команданын машыгуулары өтүп жатат. Күрөшкө болгон элдин кызыгуусуна эмне себеп? Таласта эмнеге балдарды балбан кылып тарбиялашат?
Талас облусунун Көк-Ой айылынын тургуну Нурлан Жоробеков он беш жыл мурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборун ачкан.
Балбан Руслан Түмөнбаев Олимп оюндарынын коло байгесин утканына быйыл 12 жыл болду.
Чолпон Даниярова күйөөсү Калыбек Кадыр менен чогуу жашаганына 30 жылдан ашты.
Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун күйөрмандары клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин билдиришүүдө. Алар мындай билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатышат.
Чолпон Даниярова менен Калыбек Кадыр 30 жылдан бери түтүн булатып келатышат. Спортту сүйгөн түгөйлөр жайында Кыргызстанда авто үйдө жашап, суук түшкөндө ысык өлкөлөргө кетишет.
Кыргызстандыктар катыша турган жана пандемияга байланыштуу күзгө жылып калган бир катар эл аралык турнирлер дагы кийинкиге калды. Анын ичинде футбол жана спорттун башка түрлөрү бар.
Дагы жүктөңүз