Өткөн аптада Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.
Кыргызстандын тарыхында Июнь коогасы деген аталыш менен калган улут аралык жаңжалга быйыл 14 жыл болду.
Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыптууларды 20 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сурады. Июнь окуясына 14 жыл болду. Кыргызстандын жараны Алина Горшенина Орусиянын өтүнүчү менен Казакстанда камалды.
Европа парламентине болгон шайлоодо ашынган оңчулдар ийгиликке жеткени Еврошаркеттин келечектеги саясий багыты тууралуу суроолорду жаратты. Борборчул жана либерал партиялар, социалисттер жалпы жонунан көпчүлүктү сактап калганы менен 28 мандаттан кол жууп калды.
Башка бир түгөйлөргө бала төрөп берүү үчүн карын эне программасына катышып, Грузияга кеткен кыргызстандык келин көз жаргандан кийин акысын өндүрө албай жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылды.
Баткенде үй тибинде ачылган бала бакчалар көбөйүүдө. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үйүндө бала бакча ачып, ар бир тарбиячы 25ке чейинки балдарды тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Муну менен аймакта мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу аракети болууда.
Орусияда апта башынан бери мигранттарды текшерүү кайрадан күч алды. “Гражданское содействие” комитети менен “Мемориал” коргоо борбору текшерүүлөргө бул өлкөдө иштеп жаткан мигранттар эле эмес, орус жарандыгын алган чет элдиктер да туш болуп жатканын кабарлашты.
Бээжинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча макулдашууга кол коюшту. Газада 30га жакын киши набыт болду. Ошто Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана экс-спикер Акматбек Келдибековго тиешелүү үйдүн жерин кайтаруу иштери башталды.
Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөп, ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяга байланыштуу бир нече адам, арасында 16-19 жаштагы кыздар кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар диний-экстремисттик уюмдун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга азайганын билдирди. Өкмөттүн өкүлү мигранттар кайсыл өлкөлөрдөн кайтып келгенин тактаган эмес. "Азаттык" алардын кайтышынын себептерин талдап көрдү.
"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Бектур Стамкулов эки жылдан ашуун согуш жүрүп жаткан Украинадагы кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Дагы жүктөңүз