Москвада кыргызстандык келин мигрант мекендештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн камакка алынып, ага "Мыйзамсыз миграция уюштуруу" деген берене менен кылмыш иши козголгону айтылууда.
Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында сел жүрдү. Кадамжайда беш жашар бала сууга агып, чарчап калды. Акын жана активист Аскат Жетигенге прокурор сегиз жыл жаза сурады. Израил менен Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобунун ортосунда чыңалуу күчөдү.
Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ош облусунун Араван райсоту Украинадагы согушка катышкан деп шектелген адамды беш жылга кести. Президент Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардай жер бөлүнүп берилгенин, ага Апрель окуясынан жабыркагандар үчүн фабрика курула турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров "7-апрель" ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүнүп берилгенин билдирди. Ал жерге 200 кишиге ишкана курулары, анда Апрель окуясынан жабыркагандар, алардын жакындары иштей турганы айтылды. Ага акчаны мурдагы президент Курманбек Бакиев берет деген маалымат бар.
Орусиянын курамындагы Дагестанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. 23-июнда мындагы согушкерлер синагогага, чиркөөгө жана полиция кызматкерлерине кол салып, 20 чакты киши окко учту. 24-июнда аймактын жетекчилиги терроризмге каршы операцияция жыйнтыкталганын билдирди.
21-июнда кечкисин жүргөн селден Ноокендеги үч айылдагы 178 үйдүн короосун сел каптап, ондой турак үйдүн ичине ылай толгон. Жергиликтүүлөр акыркы 10 жылдан бери мындай селди көрбөгөнүн айтууда. Кокту-колоттон аккан суу эгин талааларын да талкалап кеткенин көрүүгө болот.
Ош шаарында жеке ишкер менен мейманкана ээсинин чыры социалдык тармактарга чейин тарап, коомчулуктун көңүлүн бурууда.
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз миграция агымын азайтуу үчүн айыптын суммасын көбөйтүүнү сунуштады. Ал арада укук коргоо органдары мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерди өткөрүп, анын жыйынтыгы менен айып пулдар салынып, айрымдары өлкөдөн чыгарылып жатканын билдирүүдө.
Чүйдүн Жайыл районунда автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды. Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга кесилди. Москванын " Шереметьево" аэропортунда ондогон кыргызстандык Орусияга кире албай турат. Тажикстанда хижабга тыюу салынды.
Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент Рахмон сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам кабыл алынды. Эми өлкөдө «маданиятка жат» деп эсептеген кийимди өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, коомдук жайларда кийип жүрүүгө болбойт. Баш ийбегендер жазаланат.
Президент Садыр Жапаров парламент кабыл алган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды.
Сауд Арабиясында ажылык учурунда 560тан ашуун киши ысыктан каза тапканы кабарланды. Маалыматтарга караганда, маркумдардын көбү египеттиктер. Эки жарым миңден ашуун зыяратчы ооруканаларга жеткирилди. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Быйыл зыяратка эки миллонго чукул киши барды.
Дагы жүктөңүз