Тогуз айга аяк баскан Газадагы согушта күн сайын жайкын тургундар ажал табууда. Газада кырдаал кандай? Эмне себептен согуш токтобой жатат? Канткенде кан төгүүгө, азап чегүүгө чекит койсо болот?
Сауд Арабиясында катуу аптаптан каза болгондор 500 кишиден ашты. Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада дагы төрт киши каза болду. Президент Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карай баштады.
Бишкекте пластикалык операциядан кийин абалы оорлошуп, көз жумганы айтылган келиндин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү дээрлик 1,5 жылдан бери уланууда. Маркумдун жакындары дарыгерлер менен соттошууда. Медициналык клиника бардык талаптар аткарылганын "Азаттыкка" билдирди.
Казакстандын мурунку жана азыркы бийлигин кескин сындаган макалалары, иликтөөлөрү менен таанылган казакстандык журналист жана оппозиционер активист Айдос Садыковдун абалы оор деп бааланууда. Шейшемби күнү Киевде аны белгисиз бирөө атып кеткен.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот 100 миң сом айыпка жыкты. Казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковду Киевде белгисиз бирөө атып кетти. Пхеньянда Ким Чен Ын менен Владимир Пуин жолугушту. Акын жана активист Аскат Жетигендин да соту аяктап калды.
17-июндун кечинде Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү. Эски Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы өспүрүмдү сел агызып, каза тапты. Эки айылда 300 үйдүн тургундары эвакуацияланды.
Баткендеги Керевшин капчыгайын альпинисттер "Азия Патагониясы" деп атап коюшат. Анткени ал жер жашыл шалбаасы, агын суулары жана шамалы менен Түштүк Американын тоолорун эске салат. Керевшинге келген альпинисттер менен экстремалдык спорт сүйүүчүлөрдү ишкер Жунус Каразаков тосуп алып тейлейт.
Талас районуна караштуу Сары-Булак айылынын айрым тургундары айылдашын Казакстандан аткезчилик жол менен мал өткөргөн деп айыпташууда. Ал жаран миңден ашык кой өзүнүкү экенин, Курман айтта сатарын айткан. Бул окуяны милиция териштирип жатат.
Газада Израилдин соккуларынан соңку суткада кеминде он кишинин өмүрү кыйылып, дагы ондогон киши жараат алды. Буга чейин Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тартып «тактикалык тыныгуу» болорун жарыялаган эле.
Израилдин акыркы соккуларынан Газада 10 киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланды. Прокурор укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесүүнү сурады.
Бишкекте "Балким бир күн сурармын" аттуу документалдык тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасмада аутизми бар 16 жаштагы Урмат Ибраим уулунун өзгөчө жашоосу, таланты жана жакын адамдарынын ага болгон сүйүүсү менен мамилеси баяндалган.
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.
Дагы жүктөңүз